European Union External Action

Федерика Могерини Кыргызстанга сапар менен келип кетти

Брюссель, 09/11/2017 - 20:02, UNIQUE ID: 171109_12
Press releases

9-ноябрда Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү /ЕБдин вице-президенти Федерика Могерини Кыргыз Республикасына келди жана Президент Алмазбек Атамбаев, жаңы шайланган Президент Сооронбай Жээнбеков жана Премьер-министр Сапар Исаков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жогорку өкүл Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан Кыргыз Республикасынын Достук ордени менен сыйланды.

Федерика Могерининин Кыргызстанга болгон сапары Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын ортосунда жаңы, эки жактуу макулдашуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин бир айдан соң болду. Европа дипломатиясынын башчысы сүйлөшүүлөрдү баштоого ЕБдин толук даярдыгын баса белгиледи.

Өлкөнүн жетекчилиги менен жолугушууларда Федерика Могерини жакында болгон президенттик шайлоону талкуулады, анын жыйынтыгы бийлик биринчи жолу шайланган бир президенттен экинчи шайланган президентке конституциялык жол менен өткөрүп берилгендиги болуп саналат.

Ал Европа Биримдиги Кыргыз Республикасында болуп жаткан шайлоо системасынын, укуктун үстөмдүгүнүн жана сот системасынын реформасын кынтыксыз колдой тургандыгын ырастады. Андан тышкары, ЕБдин Жогорку өкүлү Кыргызстандын бийликтери ЕКУУнун ДЖАУБ  шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча миссиясынын рекомендацияларын аткарышы керек экендигин баса белгиледи.

Европа Биримдиги өнүктүрүү жагында жардам көрсөтүү аркылуу өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүшүнө көмөк көрсөтө берет.

Федерика Могерини 10-ноябрда Самаркандда боло турган ЕБ менен Борбордук Азиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусун да козгоду.  ЕБдин Жогорку өкүлү ал жолугушууга төрагалык кылат, анда региондо коопсуздук, экономикалык кызматташтык жана Европа Биримдигинин ролу жөнүндө маселелер талкууланат. Министрлик жолугушуу  Федерика Могериниге 2019-жылы кабыл алуу күтүлүп жаткан Борбордук Азия үчүн ЕБдин жаңы Стратегиясы жөнүндө регион боюнча өз кесиптештеринин пикирин угууга мүмкүнчүлүк берет.