European Union External Action

ЕТБКтын тендерлерине чакыруусуна кантип жооп бериш керек

28/02/2017 - 08:33
Overview

Тендерлердин бирине кызыгып жатасызбы? Европалык тышкы байланыштар боюнча кызматынын (ЕТБК) тендерлерине чакыруусуна кантип жооп бериш керектигин көрүңүз.

Төмөн жана орто баасындагы тендерлердин бирине кызыгып жатсаңыз, байланыш контакттарыңызды жиберүү менен кызыгууңузду билдирсеңиз болот:

  • ишкананын атын,
  • почта дарегин,
  • кайрыла турган кишинин атын,
  • e-mail дареги.

ар бир тендер үчүн байланыштын өзүнчө e-mail дареги бар. E-mail'иңиздин "темасында" өзүңүздү кызыккан тендердин наамын же темасын жазыңыз.

Билдирмелер кабыл алынгандан кийин, тендерге катышууга укуктуу экономикалык операторлордун тизмесине кошуласыз. Андан кийин тендерге катышуу боюнча керектүү маалыматты камтыган кошумча кат жөнөтүлөт.

Чоң баасындагы тендерлер

Чоң баасындагы тендерлердин бирине кызыксаңыз, контракт тууралуу эскертме жарыялана турган Европа Бирлигинин Расмий Журналына көз салыңыз. Өтүнмөнү кантип тапшырыш керектиги тууралуу маалымат тендер башталганда, контракттын эскертмесинде жарыяланат. 

Бул жерде божомолдонгон контракт баасына жараша контракттардын категориялары тууралуу маанилүү маалымат берилген Европалык Тышкы Байланыштар боюнча Кызматы (ЕТБК) ЕБ Өкүлчүлүктөрү менен кошо контракттарды ыйгаруу тартиптерди жөнгө салуусуна байланыштуу EБнин жалпы бюджетине каралуучу Каржылык Эреженин жоболоруна, анын Кайрылуу эрежелерине жана EU директиваларына баш ийет.

1000 евродон (EUR 1.000) ашкан буюмдар, кызматтар жана жумуштарды сатып алуу үчүн контракттар тендер аркылуу өтүш керек. Божомолдонгон контракт баасына жараша контракттардын мындай категориялары болот:

  • Баасы абдан аз контракттар: 1000 евродон (EUR 1.000) 15000 еврого (EUR 15.000) чейинки жумуштар, кызматтар жана жабдуулар үчүн контракттар;
  • Баасы аз контракттар: 15000 евродон (EUR 15.000) 60000 еврого (EUR 60.000) чейинки жумуштар, кызматтар жана жабдуулар үчүн контракттар;
  • Баасы орточо контракттар: кызматтар жана жабдуулар үчүн контракттар 60000 евродон (EUR 60.000) ашып, 144000 еврого (EUR 144.000) жетпеген кызматтар же жабдуулар үчүн же 5548000 еврого жетпеген (EUR 5.548.000) жумуштар үчүн;
  • Баасы жогору контракттар: 144000 евродон (EUR 144.000) ашкан кызмат жана жабдуу контракттары жана 5548000 евродон (EUR 5.548.000) ашкан жумуш контракттары.

Баасы төмөн жана орточо тендерге чакыруулар ЕТБКнин же ЕБ Өкүлчүлүктөрүнүн вебсайттарында Тендерлер астында жарыяланышы күтүлөт. ЕТБК же ЕБ Өкүлчүлүгү тендерге түз чакырган экономикалык операторлор (тендерге катышууга чакырууну email, почта же чабааган аркылуу алгандары) алган өтүнмөлөр гана бааланаарын эске алыңыз.

Баасы жогору тендерлерге чакыруулар ЕБнин Расмий Журналында жарыяланышы керек. Өтүнмөнү кантип тапшырыш керектиги тууралуу маалымат тендер башталганда, контракттын эскертмесинде жарыяланат.

Editorial Sections: