European Union External Action

Адам укуктары боюнча Европа Биримдиги-Кыргызстан Диалогу

Ачык жана конструктивдүү талкуу көп маселелерди камтыды. Эти тарап Европа Биримдиги жана башка эл аралык партнерлордун жардамы менен ишке ашырылган, сот  реформасы алкагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жакшыртуусун талкуулашты.

ЕБ профессионалдуу жана көз карандысыз сот системасын илгерилетүү үчүн сот реформасынын оперативдүү жана эффективдүү жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.  ЕБ улуттук укук коргоо мекемелеринин,  өзгөчө Омбудсмен институту жана Улуттук кыйноолорду алдын алуу центринин алып барган иштерин жактырды. Кыйноолорду жана ырайымсыз мамилени алдын алуу үчүн иш чараларды жана механизмдерди илгерилетүү маселелери каралды.

Катышуучу тараптар Кыргызстандагы пикир билдирүү эркиндигин талкуулашты. ЕБ республиканын бийлигин ачык маалымат каражаттарын колдоого жана коргоого үгүттөдү, анкени  алар бул жылы өтө турган эркин, конкуренттүү жана айкын президентти шайлоонун негизги фактору. Андан тышкары, эти тарап жарандык коом менен болгон кызматташтыкты, ак ниет башкарууну, азчылыктардын укуктарын жана коррупция маселелерин талкуулады.

2016-жылдын январынан баштап Кыргыз Республикасы Жалпы преференция системасынын (ВСП+) өзгөчөлүктөрү менен пайдаланат. Бул ЕБ сунуштаган бир тараптуу эӊ берешен соода өзгөчөлүктөрү. Эки тарап ВСП+ статусуна ээ болушуна байланыштуу 27 эл аралык конвенцияларынын ишке ашуусун карады да, Кыргыз Республикасынын бул схемадан пайда алуу үчүн  ЕБнин жардамы керек болгон сфераларын талкуулады.

Европа Биримдиги үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана эрте никеге тыюу салуучу мыйзамдарды жактырды, алар аялдардын жана жаш балдардын укуктарын илгерилетет.  Диалогду аяктап, катышуучулар көп тараптуу форумдардын алкагындагы кызматташтыкты карашты. Андан башка эти тараптуу ЕБнин Кызматташтык инструменти тарабынан каржыланган өнүктүрүү, демократия жана адам укуктары  программаларын талкуулашты.  

Кыргыз Республикасынын делегациясын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова жетектеди. ЕБ делегациясын Тойво Клаар, Европалык тышкы иштер кызматынын Борбордук Азия башкармасынын башчысы башкарды. ЕБ жана Кыргыз Республикасынын диалогунун адам укугу боюнча кийинки раунду 2018-жылы Бишкек шаарында өткөрүлөт.

 

Languages: