European Union External Action

Федерика Могерининин Алмазбек Атамбаевди кабыл алды

Брюссель, 16/02/2017 - 10:09, UNIQUE ID: 170216_11
Press releases

Бүгүн Европа Биримдигинин Чет өлкөлүк иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку Өкүлү / Европа Комиссиясынын вице-президенти (ЖП/ВП) Федерика Могерини Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен жолукту.

Тараптар Евробиримдиктин жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелердин абалын, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын негизи болуп саналган, республикада жүргүзүлүп жаткан реформаларды талкуулашты. Федерика Могерини Евробиримдик Кыргыз Республикасы менен кызматташтыкты бекемдөөнү, демократияны курууда жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууда өлкөнүн бийлигине колдоо көрсөтүүнү жактай тургандыгын тастыктады.

Евробиримдиктин Жогорку Өкүлү республиканын шайлоо тутумун реформалоодо жетилген прогрессти, ошондой эле Кыргыз Республикасын мындан ары демократизациялоо үчүн ушул жылдын күзүндө эркин, таза жана ачык президенттик шайлоолорду өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз учурунда, Алмазбек Атамбаев ЕБнын Жогорку Өкүлүнө Кыргызстандагы жана региондогу өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берди. Федерика Могерини Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда жагымдуу мисалдарды куруунун зарылчылыгын белгиледи.

Ушуга байланыштуу, ал Европада коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ОБСЕ) тарабынан региондо жүргүзүлүп жаткан маанилүү ишти белгиледи. ЕБнын Жогорку Өкүлү ошол уюм менен узак жана тыкыс кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.  

Федерика Могерини адам укуктары жана социалдык биримдик маселелерин белгилеп, Кыргызстанды демократияга, адам укуктарын сактоого жана фундаменталдуу эркиндиктерге негизделген саясатты бекем улантууга чакырды. Бул баалуулуктарды Кыргыз Республикасы Европа Биримдиги менен кошо тартат.

Маалымат үчүн: Андан ары Президент Атамбаев мындан аркы эки тараптуу консултациялар үчүн Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер менен жолугушат. Укук башкаруучулугуна жана айыл региондорун комплекстүү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү боюнча эки макулдашууга Евробиримдиктин эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Жогорку комиссары Невен Мимица жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев тарабынан кол коюлат.