European Union External Action

Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы байланыштар

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүгүнүн саясий негиздери 1999-жылкы Өнөктөштүк жана Кызматташуу Келишиминде (Partnership and Cooperation Agreement - PCA) түптөлгөн.

Бул келишим Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы байланыштарын бекемдөөнү көздөйт.

Кыргыз Республикасы Европа Биримдиги жана Борбор Азия: Жаңы Өнөктөштүк үчүн стратегия күч алууда программасына өнөктөрүнүн бири.

Айтылып өткөн Борбор Азия үчүн ЕБ Стратегиясы боюнча 2015-жылдын июнундагы Кеңештин жыйынтыктары Борбор Азиянын ЕБ үчүн стратегиялык маанисин баса белгилейт.

Бул серепчилөө башчыларды Борбор Азия өлкөлөрү менен күчтүү, убактын далайына созулуучу жана туруктуу байланышты курууга чакырат.

Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы экономикалык ишмердүүлүк өсүп келе жатат. Жылдык соода болжол менен €478 миллион деп бааланат.

Бул өсүү көбүнесе 1999-жылы кол коюлган Өнөктөштүк жана Кызматташуу Келишиминин алкагында өтүп жатат.

Бирок Европалык Бирлик жана Борбор Азия: Жаңы Өнөктөштүк үчүн Стратегия Күч алууда - экономикалык өсүү үчүн дагы бир түрткү, себеби соода жана салым жасоодо кызматташуу - стратегиянын өзөктүү максаттарынын бири.

ЕБ чөлкөмдөрдөгү жана мамлекеттердеги түркүн долбоорлорго да каражат бөлөт.

Кыргыз Республикасы Европа Биримдиги тарабынан берилген Преференциялардын жалпы схемасын (ПЖС) пайдаланат. ПЖС анын базарына өнүгүп жаткан өлкөлөр менен аймактарга артык көргөн жөлөөсүнө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, ЕБнин Кыргыз Республикасына ПЖС+ статусун берүү боюнча 2016-жылдын январындагы чечими - Кыргызстан үчүн экспорттун түрлөнтүп, экономикасын чыңдоонун жолу.

Кыргыз Республикасы 1998-жылдан бери Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөсү болуп саналат.

Туруктуу өнүгүүнүн түрткү берүүсүнүн жана ан ниеттүү башкаруунун (ПЖС+) атайын макамы Европа Биримдигине (ЕБ) экспорттоодо эл аралык соода тутумуна жетишсиз диверсификация жана жетишсиз интеграциянын айынан аярлуу болгон өнүгүп жаткан өлкөлөргө кошумча тарифтик преференцияларды берет.  ПЖС+ макамы адам укуктары, эмгек укуктары, айлана-чөйрөнү коргоо жана майнаптуу мамлекеттик башкаруу жатындагы, ошондой эле алардын майнаптуу ишке ашырууда 27 эл аралык негизги конвенциялардын ратификацясынан келип чыккан, эгерде ошол өлкөлөр  тарабынан атайын милдеттенмелер жана жоопкерчиликтер алынса, аларга көмөк көрсөтүлөт.

2015-жылдын май айында берилген ПЖС макамына кирүү табыштамасын карап чыгып, Европа Биримдиги 2016-жылдын январында ПЖС+ макамын Кыргыз Республикасына берген, анткени Кыргызстан ПЖС+ Регламенттине ылайык аярлуу өлкө болуп саналат жана ал бардык 27 конвенцияларды теӊ ратификациялаган.

ПЖС+ статусу кандайдыр бир бажы тарифтерсиз жана салыксыз түрүндө 6200 товардык аталыштарды экспортоп,  Кыргыз Республикасына өз экономикасын бекемдөөгө жол берет. ПЖС+ пайдасы менен пайдалануу үчүн тигил же бул товар Кыргыз Республикасында толугу менен өндүрүлүшү керек, же болбосо өлкөнүн аймагында  жетиштүү түрдө даярдоого же кайра иштетилүүгө тийиш.

ПЖС+ колдонуучу катары Кыргызстан  өзүнө 27 конвенцияны ратификациялоо боюнча жана алардын майнаптуу ишке ашырылышы боюнча укуктук милдеттемени алууда. Бул мамиледе Кыргызстандын майнаптуулугу европалык тараптын мониторинг механизминин жакшыртуу алкагында кароого жатат. Биринчи аспап – «баллдык карта», конвенцияларды ишке ашыруу боюнча негизги мүчүлүштүктөрдү эсептей турган таблица. Экинчи аспап, баллдык картада аныкталган жааттарга көӊүлүн буруп, Кыргызстан менен «ПЖС+ сактоо боюнча диалогду» билдирет. Диалогдун натыйжалары ар бир эки жылда Европа Парламентине Комиссия тарабынан жөнөтүүгө тийиш болгон бенефициарлар тарабынан  ПЖС+ тийиштүү критерийлерин сактоо боюнча отчетко киргизилет.

Преферециялардын жалпы схемасы боюнча кошумча маалыматты шилтемеден издеп аласыздар.

Европа Биримдигине товарларды экспорттоодо шайкеш келген тастыктамалоого, фитосанитардык талаптарга жана жана чыгаруу эрежелерине коюлган критерийлер тууралуу кошумча маалыматты алуу үчүн (HelpDesk) Европа Комиссиясынын соода боюнча башкы директоратынын колдоо кызматынын сайтына  http://exporthelp.europa.eu/thdapp/index.htm кириӊиз.

Европа Биримдигинин конкреттүү мүчө-мамлекеттерине товарларды кантип экспорттоо тууралуу маалыматты алуу үчүн Кыргыз Республикасындагы тиешелүү өлкөнүн элчилигине кайрылууга өтүнөбүз. ЕБ мүчө-мамлекеттердин элчилигинин толук тизмеси бул жерде жарыялаган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасныдагы  Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү ПЖС+ макамын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн ЕБ тарабынан эксперттердин катышуусу менен биртоп видеконференцияларды уюштурат.

Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин колл-борборуна 1220 кыскача номерине ошондой эле телефон чалууга болот.

Пайдалуу документтер:

  • ПЖС+ тастыктамалоо процесстери жөнүндө, ЕБ фитосанитардык эрежелери, чыгарылыш эрежелери жөнүндө жоболор тууралуу, айыл чарба товарларын экспорттоосуна карата биринчи видеоконференциясынын резюмеси. Резюмени англис жана орус тилдеринде жүктөөгө болот.
  • ПЖС жана ПЖС+ үчүн ЕБ чыгаруу эрежелери жөнүндө пайдалануучуга жетекчилик кылуу. Файлды англис, орус жана кыргыз тилдеринде жүктөөгө болот.
  • ПЖС+ тууралуу англис тилинде маалымат кат.
  • ПЖС+ макамына кирген азыктардын тизмеси (орус жана кыргыз тилдеринде).

Азыркы учурда Европа Биримдиги (ЕБ) Кыргыз Республикасына билим берүү (36 млн евро), социалдык коргоо (30 млн евро) жана шайлоо (13 млн евро) секторлорун реформалоо боюнча үч контракт аркылуу бюджеттик жардам көрсөтүүдө. ЕБ 30 млн еврого макрофинансылык жардам боюнча программаны дагы негиздеген, ага ылайык акыркы төлөм 2016-жылы жүргүзүлгөн.

GIZ башында турган мамлекеттик агенттиктер мүчөлөрүнүн консорциуму менен 9.5 млн евро бюджети менен укук үстөмдүгү боюнча программасы ишке ашырылууда, 2014-2020-ж.ж. үч приоритеттүү секторлордун бири болуп саналат жана укук үстөмдүгүнө багытталган. Билим берүү сектору контракт аркылуу колдоого алынып жаткан учурда айыл жергесин комплекстүү өнүктүрүү  боюнча үчүнчү приоритеттүү секторду дагы бюджеттик колдоодон жана айыл жергесинин инфратүзүмүн жакшыртуу жаатындагы долбоорлордон этапы менен баш тартуусу социалдык коргоо чөйрөсүндө контракт камтыйт.

Айыл жергесинин инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча долбоорлордо 2016-жылы расмий ачылышы өткөн Баткен областындагы Ош-Исфана 15 км жол тилкесинин курулушу каралган. Бюджеттик колдоонун пакетинин маанилүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасындагы ЕБ өкүлчүлүгү мамлекеттик финансыларды башкарууну (МФБ) жакшыртууга артыкчылыктуу көңүл бөлөт, анын ичинде Дүйнөлүк банкы башкарган мультидемөөрдүк трасттык фонду аркылуу.

Бишкек шаарындагы ЕБ Өкүлчүлүгү менен эки регионалдык флагмандык программалар БОМКА жана КАДАП башкарылат. Андан тышкары, ЕБ Өкүлчүлүгү Реконструкция жана Өнүгүү Европа Банкы, Европа Инвестициялык Банкы жана КfW (Немис мамлекеттик банкы, НМБ) менен биргелешкен долбоорлору үчүн грант түрүндөгү 2015-жылдын аягына жалпы суммасы болжол менен 25 млн еврого IFCA өткөрүп берген долбоорлордун эң ири портфели менен башкарат.

Кыргызстандагы биргелешкен долбоорлор артыкча шаарлардагы калдыктарды жана суу менен камсыз кылууну башкаруу үчүн, ошондой эле энергетикалык майнаптуулук үчүн инфратүзүмдү жакшыртууну кошкондо, регионалдык артыкчылыктарга багытталган.

Жалпы эсеп менен ЕБ Кыргыз Республикасына 2016-жылы болжодуу 34,5 млн евро бөлүп берген, андан 24,25 млн евро бюджеттик колдоого багытталган.

Эки биргелешкен операцияларга катышууга карата кошумча ЕИБ дагы Кыргыз Республикасына САSA-1000 төрт өлкөнүн энергетикалык инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча долбоорго 70 млн евро өлчөмүндө насыя жана макрофинансылык жардамдын алкагында 10 млн евро өлчөмүндө насыя берип жатат.

2016-жылдык иш аракеттер программасы өнүктүрүүгө багытталган 13 млн еврого укук үстөмдүгү боюнча жаңы программасын жана 10 млн еврого айыл жергесин өнуктүрүү боюнча программасын камтыйт. Бул программалар GIZ менен ишке ашырылат; биринчиси Укук үстөмдүгү боюнча учурдагы программаны ишке ашырган консорциум менен, акыркысы ЕБ Өкүлчүлүгүнүн макулдугу аркылуу, бул учурда GIZ жарандык коомдун уюмдары үчүн бир нече суроолорун башкаруу керек болот.

Кыргыз Республикасында бир аз мурун болгон саясий туруксуздукка карабастан, атуулдук коомдун ишмерлери адам укуктарын жана сөз эркиндигин сүрөөдө көп иш жасашты. ЕБ мамлекеттик эмес ишмерлерди процесске катышууга тартуу менен атуулдук коомдун ролун бекемдөөгө чын жүрөктөн берилет.

2007-жылы Европалык Комиссиясы Өнүгүүдөгү Мамлекеттик Эмес Ишмерлер жана Жергиликтүү Бийликтер аттуу программаны баштаган. Бул - жергиликтүү кеңештердин жана мамлекеттик эмес ишмерлерди өнүгүүгө катыштырууга белсенген жөндөмдү топтоо программасы.

ЕБ атуулдук коомду жана адам укуктарын сүрөөгө колдонгон маанилүү курал - бул Демократия жана Адам Укуктары үчүн Европалык Куралы (EIDHR).

EIDHR башкы максаттары булар:

  • демократиялык мекемелерди орнотууга жардам берүү;
  • адам укуктарын коргоонун соттук жана соттук эмес механизмдерин бекемдөө;
  • адам укуктарына көз салуу боюнча машыктыруу;
  • маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгын сүрөө;
  • өлүм жазасынын алып салынышын колдоо;
  • аялдардын укуктарын жана аялуу топтордун укуктарын байытуу.

Муктаждыктар кайсылар?

Кыргызстан калкка, жашоо-тиричиликке жана улуттук экономикага чоң залакасын тийгизген табигый кырсыктарга көп кабылып турат. Өлкөнүн аймагы табигый коркунучтардын көп түрүнө жакын жана акыркы жылдары климаттын өзгөрүшүнүн айынан температуранын жогорулашы климатка байланышкан кырсыктардын залакасын курчутуп жиберди. Жер көчкү бат-баттан болуп турат жана абдан коркунучтуу: өлкөдө 5 000 чамалуу жер көчүшү мүмкүн жер аныкталган жана 1990 - 2008-жылдары өлкө ичинде 425 жер көчкү катталып, андан 88 киши курман болгон.

Жер титирөө коркунучу жогору жана өтө жогору болгон аймакта жайгашкандыктан, жер титирөө да Кыргызстан боюнча көп болот, эң чоң эки шаар - Бишкек жана Ош - да камтылат. Акыркы учурда, 2015-жылдын ноябрында Ош облусундагы 6,3 баллдык жер титирөө 3 000дей үй жана 109 коомдук жайларга (анын ичинде мектептерге жана медициналык борборлорго) зыян келтирген Европа Комиссиясынын Европалык Атуулдук Коргоо жана Гуманитардык Жардам Ишке салуулары боюнча Башкы Жетекчилиги (ECHO) жабыр тарткан коомчулуктарга дароо жардам көрсөтүүдө Кыргыз Кызыл Жарым Ай Коомун жетиштүү каражат менен колдоду.

Бирок ECHO өлкө үчүн эң чоң гуманитардык жардамды 2010-жылы Түштүк Кыргызстанда чыккан улуттук кагылышуудан кийин киргизген, анда 1 000 чамалуу эл курман болуп, жүз миңдеген үй-бүлө тентип калган, ошондон кийин ECHO €8,5 миллион бөлгөн. Бул каражат кагылыштан жабыр тарткан элге тамак, баш паанек жана тамактан тышкаркы буюмдарды камсыз кылууга колдонулган.

Биз кандай жардам берип жатабыз?

1994-жылдан бери ECHO Кыргызстанга болжол менен €33,5 миллион гуманитардык жардам жеткирген, анын ичинде - 2010-жылы Түштүк Кыргызстанда болгон чоң кагылышуудан чыккан көчүүгө тез арадагы жардам катары берилген €8,5 миллион бар.

2003-жылдан бери ECHO жалпыга DIPECHO катары белгилүү болгон эл аралык кырсыктарга даяр туруу программасы аркылуу Кыргызстанга кирип, коомчулукка негизделген ыкмага басым жасап келет, мында Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги жана өкмөттүк эмес уюмдар коомчулугунан, Бириккен Улуттар Уюмунан жана Кызыл Чырым жана Жарым Ай Коомдорунан өнөктөр менен иштешүүдө.

DIPECHO каржылаган долбоорлор жергиликтүү коомчулуктардын жана уюмдардын жаратылыш кырсыктарына даярдыгын оңоп, жеңилдетип жана жооп берүүгө мүмкүндүк берген стратегияларды колдоо менен алардын ийкемдүүлүгүн өстүрүп, талуу жерлерин азайтат. Учурдагы DIPECHO мерчими (2016-2017) аркылуу ECHO өкмөттүк эмес уюмдар жана БУУ агенттиктери аткарган беш долбоорду каржылап жатат. Долбоорлор Кырсыктардын Тобокелин Азайтуу (Disaster Risk Reduction - DRR) жаатындагы өткөн жетишкендиктерди топтоп, коомго киргизүүгө, ошондой эле бириктирилген DRR Ийкемдүүлүгү ыкмасын колдонууга жана Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн, алардын ичинен Кыргызстанды өзгөчө көңүлгө алып, , DRR жөндөмүн бекемдөөгө багытталган. DIPECHO IX үчүн жалпы каржылоо €5,8 миллион (Түштүк Кавказ үчүн каржылоо менен чогуу), анын ичинен €0,6 миллион Кыргызстанга кетет - ага Борбор Азия чөлкөмүндөгү DIPECHO каражаттарынын чоңдугу жагынан экинчи өлчөмү берилет.

Сураныч, ошондой эле саясий байланыштар тууралуу үстүңкү бөлүмдү да караңыз.

Борбор Азия үчүн ЕБ Стратегиясы адам укуктары, мыйзамдын аткарылышы, жакшы башкаруу жана демократияны өнүктүрүү Борбор Азиянын узак убактагы саясий туруктуулугуна жана экономикалык өнүгүшүнө тирек экенин тааныйт.

Стратегияга Борбор Азия өлкөлөрүнүн бешөө менен тең адам укуктары боюнча диалогдор үчүн пландар да кирет. Бул диалог төмөнкүлөр үчүн чечүүчү мааниге ээ:

  • өз ара кызыкчылык жана кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулоо;
  • ЕБнин адам укуктары боюнча тынчсызданууларын угузуу;
  • маалымат чогултуу жана талап кылынганда адам укуктары боюнча кырдаалды жакшыртуу демилгелерин баштоо.

ЕБ өзүнүн адам укуктары боюнча Кыргыз Республикасы менен биринчи олуттуу диалогун 2008-жылдын октябрында Бишкекте өткөргөн. Андан аркы сүйлөшүүлөр ошондон бери өтүп келүүдө.

ЕБ адам укуктары эксперттеринин коомчулугунан элди тартып атуулдук коом боюнча түрдүү семинарларды да уюштурат.

Комиссия жана ар башка ЕБ өлкөлөрү түрдүү "жардам долбоорлорун" да башкарышат. Буларга атуулдук коомдун өнүгүшүн колдогон Демократия жана Адам Укуктары үчүн Европа Демилгеси жана Мамлекеттик эмес Ишмерлер Программасы кирет.

Languages:
Editorial Sections: