«Чет элдик өкүлдөр жөнүндө» жаңы мыйзам боюнча Европа Биримдигинин тышкы иштер кызматынын Басма сөз катчысынын билдирүүсү

03.04.2024
Кыргыз Республикасы
EEAS Press Team

Кыргыз Республикасында “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндө, көбүнчө “Чет элдик өкүлдөр жөнүндө” аталган мыйзамдын жакында кабыл алынышы кооптондурган көрүнүш.

Жарандык коом уюмдарынын эркин иштөө мүмкүнчүлүгүн чектеген мыйзамдар кыргыз коомчулугуна жана анын Европа Биримдиги сыяктуу эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуусуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Европа Биримдиги Кыргыз Республикасы менен негизги эркиндиктерди, мыйзам үстөмдүгүн жана демократиялык стандарттарды урматтоого негизделген эки тараптуу кызматташууну жактайт. Бул баалуулуктар биздин Кыргыз Республикасы менен ишке ашырылып жаткан Преференциялардын жалпыланган схемасынын (GSP+) жана күтүлүп жаткан Өркүндөтүлгөн өнөктөштүк жана кызматташтык макулдашуусунун (EPCA) ажырагыс бөлүгүн түзөт.

Peter Stano
Lead Spokesperson for Foreign Affairs and Security Policy
+32 (0)460 75 45 53