Кыргыз Республикасы: Европа Биримдиги менен Өркүндөтүлгөн Өнөктөштүк жана Кызматташтык Макулдашуусуна (EPCA) кол коюлду

26.06.2024
Брюссель, Бельгия
EEAS Press Team

Брюссель, 25-июнь, 2024-жыл - 25-июнда Брюсселде Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы эки тараптуу мамилелерди чыңдоодогу маанилүү этап катары Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга (EPCA) кол коюшту.

Макулдашуу бекемделген саясий диалог үчүн жаңы укуктук негизди түзөт жана көптөгөн өз ара пайдалуу чөйрөлөрдө кызматташтыкты тереңдетет. Аларга соода жана инвестиция, туруктуу өнүгүү жана байланыш, изилдөө жана инновация, билим берүү, айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүшү, ошондой эле мыйзам үстөмдүгү, адам укуктары жана жарандык коом кирет. Мындан тышкары, тышкы саясат жана коопсуздук саясаты, анын ичинде чыр-чатактарды болтурбоо жана кризисти башкаруу, тобокелдиктерди азайтуу, киберкоопсуздук, аймактык туруктуулук, куралсыздандыруу, куралдарды жайылтпоо, курал-жаракты көзөмөлдөө жана экспорттук көзөмөл маселелерин камтыган кызматташтыкты чыңдоого мүмкүндүк берет.

EPCA жашыл жана санариптик өтүү үчүн маанилүү чийки зат сыяктуу жаңы тармактарда кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү/Еврокомиссиянын вице-президенти Жозеп Боррелл: “Биз Кыргыз Республикасын жакын өнөктөштөрүбүздүн катарына кошконубузга кубанычтабыз. Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуу жаңы геосаясий жана экономикалык реалдуулуктарды чагылдырган, жалпы баалуулуктарга жана өз ара пайдалуу бардык чөйрөлөрдө жалпы кызыкчылыктарга негизделген эки тараптуу мамилелерибизди чыңдоого жана тереңдетүүгө биздин туруктуу умтулуубузду көрсөтөт. Биз Кыргызстан менен адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоону мындан ары чыңдоо жана ачык демократиялык коомдун маанилүү таянычы болгон жарандык коом менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча кызматташууну улантабыз, - деп айтты.

ЕБнын Аткаруучу вице-президенти жана соода боюнча комиссары Валдис Домбровскис мындай деди: «Бул Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишими Евробиримдиктин Кыргызстан менен экономикалык жана соода мамилелериндеги жаңы баракчаны белгилейт. Биз адилет жана ачык атаандаштыкты илгерилетүү, ошону менен бирге кыргызстандык керектөөчүлөргө жана чакан жана орто бизнеске пайда алып келүүгө багытталган дымактуу Соода жана Туруктуу өнүгүү бөлүмүн келишимге киргиздик. Бул Макулдашуунун аркасында биз соода агымын жеңилдетүү жана кызматташтыкты өркүндөтүү аркылуу Евробиримдиктин жана Кыргызстандын ишкерлери жана инвесторлору үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам берип жатабыз. Биз бул өнөктөштүк жаңы жана жакшы жумуш орундарын түзүү жана экономикалык өнүгүүнү жана туруктуулукту жогорулатуу аркылуу аймактарыбыздын гүлдөп өсүшүнө салым кошот деп ишенебиз”.

EPCA келишимине кол коюу аркылуу ЕБ жана Кыргыз Республикасы эл аралык укуктун принциптерине жана нормаларына, эффективдүү көп тараптуулуктун негизинде тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана коопсуздукту чыңдоого өздөрүнүн берилгендигин тастыкташат. Европа Биримдиги жарандардын, коомчулуктардын жана кошуна аймактардын жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыктын бардык тармактарында Кыргыз Республикасы менен мамилелерди бекемдөөнү чыдамсыздык менен күтөт.

Кошумча маалымат

2016-жылдан бери Кыргыз Республикасы Евробиримдиктин Жалпыланган преференциялар схемасынын Туруктуу өнүгүү үчүн атайын дем берүүчү механизми (GSP+) аркылуу ЕБ рыногуна бир тараптуу жана преференциялуу жеткиликтүүлүккө ээ болду. EPCAнын соода-экономикалык мамилелеринин аспектилери ЕБнын GSP+ тарабынан сунушталган рынокко жетүү жана туруктуулук милдеттенмелери менен толукталат. Кыргыз Республикасы Европа Биримдигинин Борбордук Азиядагы үчүнчү соода өнөктөшү. GSP+ 2023-жылы Евробиримдик менен Кыргызстандын товар соодасын 116%га (2022-жылга караганда) же 2,845 млрд еврого чейин көбөйтүүгө салым кошту.

EPCA 1999-жылы кол коюлган Өнөктөштүк жана Кызматташтык Макулдашуусун (PCA) алмаштырат.

 

More information

Audiovisual material related to the signature of the Enhanced Partnership and Cooperation Agreement

Factsheet: EU-Kyrgyz Republic Relations

Factsheet on Enhanced Partnership and Cooperation Agreement between the EU and Kyrgyz Republic | EEAS (europa.eu)

Peter Stano
Lead Spokesperson for Foreign Affairs and Security Policy
+32 (0)460 75 45 53
Pedro FONSECA MONIZ
Press Officer for Foreign Affairs and Security Policy
+32 (0)2 291 38 76
+32 (0)460 76 14 96