Delegation of the European Union to Uzbekistan

EEAS RSS Feeds

Displaying 1 - 8 of 8

Европа Биримдиги (ЕБ) тарабынан каржыланган Борбордук Азиядагы Чек араларды Башкарууга көмөктөшүү программаларынын (BOMCA) тогузунчу этабы, өзүнүн беш жылдык ишмердүүлүгүнүн аякташына арналган жабык иш-чара өткөрдү. Онлайн режиминде өткөрүлгөн регионалдык башкаруу тобунун жыйыны жана жыйынтыктоочу конференциясы Борбордук Азиядагы улуттук чек араны башкаруу институттарынан, БОМКА Ишке ашыруу Консорциумунан, ЕБ өкүлдөрүнөн, эл аралык уюмдардын жана ЕБге өкүл-мамлекеттердин элчиликтеринин 100дөн ашуун өкүлдөрүн бириктирди. Жыйынтыктоочу иш-чаранын жүрүшүндө БОМКА Борбор Азия аймагындагы чек араны башкаруу тутумун, миграцияны башкаруу процессин жана сооданы жеңилдетүү чараларын чыңдоо боюнча долбоордун натыйжаларын жана инструменттерин тааныштырды.

Кечээ, 8 ноябрда, Лондондо Борбор Азиядагы уран калдыктарын топтоочу жайларды калыбына келтирүү боюнча эл аралык донордук конференция болуп өттү.

Бүгүн Европа Комиссиясы менен тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Биримдиктин Жогорку Өкүлү Бирдиктүү билдирүү кабыл алышты, анда Европа менен Азиянын өз ара аракеттешүү деңгээлин жогорулатуу боюнча жаңы жана баарын камтыган стратегияга болгон Европа Биримдигинин көз карашы баяндалат.

Борбор Азиядагы уран өңдүрүү объекттеринин калдык көйгөйлөрүн чечүү азыркы күндө эң актуалдуу болуп жатат. Өлкөлөр ЕБтин колдоосунда токтоосуз чара көрүүгө үндөйт.