Муктаждыктар кайсылар?
Кыргызстан калкка, жашоо-тиричиликке жана улуттук экономикага чоң залакасын тийгизген табигый кырсыктарга көп кабылып турат. Өлкөнүн аймагы табигый коркунучтардын көп түрүнө жакын жана акыркы жылдары климаттын өзгөрүшүнүн айынан температуранын жогорулашы климатка байланышкан кырсыктардын залакасын курчутуп жиберди. Жер көчкү бат-баттан болуп турат жана абдан коркунучтуу: өлкөдө 5 000 чамалуу жер көчүшү мүмкүн жер аныкталган жана 1990 - 2008-жылдары өлкө ичинде 425 жер көчкү катталып, андан 88 киши курман болгон.
Жер титирөө коркунучу жогору жана өтө жогору болгон аймакта жайгашкандыктан, жер титирөө да Кыргызстан боюнча көп болот, эң чоң эки шаар - Бишкек жана Ош - да камтылат. Акыркы учурда, 2015-жылдын ноябрында Ош облусундагы 6,3 баллдык жер титирөө 3 000дей үй жана 109 коомдук жайларга (анын ичинде мектептерге жана медициналык борборлорго) зыян келтирген Европа Комиссиясынын Европалык Атуулдук Коргоо жана Гуманитардык Жардам Ишке салуулары боюнча Башкы Жетекчилиги (ECHO) жабыр тарткан коомчулуктарга дароо жардам көрсөтүүдө Кыргыз Кызыл Жарым Ай Коомун жетиштүү каражат менен колдоду.
Бирок ECHO өлкө үчүн эң чоң гуманитардык жардамды 2010-жылы Түштүк Кыргызстанда чыккан улуттук кагылышуудан кийин киргизген, анда 1 000 чамалуу эл курман болуп, жүз миңдеген үй-бүлө тентип калган, ошондон кийин ECHO €8,5 миллион бөлгөн. Бул каражат кагылыштан жабыр тарткан элге тамак, баш паанек жана тамактан тышкаркы буюмдарды камсыз кылууга колдонулган.
Биз кандай жардам берип жатабыз?
1994-жылдан бери ECHO Кыргызстанга болжол менен €33,5 миллион гуманитардык жардам жеткирген, анын ичинде - 2010-жылы Түштүк Кыргызстанда болгон чоң кагылышуудан чыккан көчүүгө тез арадагы жардам катары берилген €8,5 миллион бар.
2003-жылдан бери ECHO жалпыга DIPECHO катары белгилүү болгон эл аралык кырсыктарга даяр туруу программасы аркылуу Кыргызстанга кирип, коомчулукка негизделген ыкмага басым жасап келет, мында Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги жана өкмөттүк эмес уюмдар коомчулугунан, Бириккен Улуттар Уюмунан жана Кызыл Чырым жана Жарым Ай Коомдорунан өнөктөр менен иштешүүдө.
DIPECHO каржылаган долбоорлор жергиликтүү коомчулуктардын жана уюмдардын жаратылыш кырсыктарына даярдыгын оңоп, жеңилдетип жана жооп берүүгө мүмкүндүк берген стратегияларды колдоо менен алардын ийкемдүүлүгүн өстүрүп, талуу жерлерин азайтат. Учурдагы DIPECHO мерчими (2016-2017) аркылуу ECHO өкмөттүк эмес уюмдар жана БУУ агенттиктери аткарган беш долбоорду каржылап жатат. Долбоорлор Кырсыктардын Тобокелин Азайтуу (Disaster Risk Reduction - DRR) жаатындагы өткөн жетишкендиктерди топтоп, коомго киргизүүгө, ошондой эле бириктирилген DRR Ийкемдүүлүгү ыкмасын колдонууга жана Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн, алардын ичинен Кыргызстанды өзгөчө көңүлгө алып, , DRR жөндөмүн бекемдөөгө багытталган. DIPECHO IX үчүн жалпы каржылоо €5,8 миллион (Түштүк Кавказ үчүн каржылоо менен чогуу), анын ичинен €0,6 миллион Кыргызстанга кетет - ага Борбор Азия чөлкөмүндөгү DIPECHO каражаттарынын чоңдугу жагынан экинчи өлчөмү берилет.
Сураныч, ошондой эле саясий байланыштар тууралуу үстүңкү бөлүмдү да караңыз.