Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү

EEAS RSS Feeds

Displaying 21 - 30 of 92

Европа Бирлигинин (ЕБ) жана Кыргыз Республикасынын (КР) өкүлдөрү 27-февраль-1-мартта Бишкекте ар кандай чөйрөлөрдө кызматташтыкты талкуулоо үчүн жолугушту. Жолугушуу эки: өнүктүрүү жагындагы кызматташтык боюнча Чакан комитет жана соода жана инвестициялар боюнча Чакан комитет форматында өткөн туруктуу саясый диалогдун алкагында болду.

Европа Биримдигинин (ЕБ) атайын өкүлү, элчи Петер Буриан 19-21-февралда Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетти.

Кечээ, 8-февралда, Бишкекте кыйноолордун алдын алуу маселелеринде мамлекет менен жарандык коом уюмдарынын күч-аракеттерин бекемдөөгө багытталуучу, Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Кыргызстанда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкечиликсиз жана адамдын беделин түшүрүүчү мамилелер менен жазаларга каршы күрөштө мамлекет менен жарандык коомдун күч-аракеттерин колдоо» деген үч жылдык биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун башталышына арналган пресс-конференция болуп өттү.

2018-жылы 29-январь-2-февралда Кыргызстанга европалык эксперттердин тобу келип, алар өкмөткө Мамлекеттик бажы кызматында (МБК) коррупцияга каршы чараларды жана милдеттерди киргизүүгө жана жүргүзүүгө жардам беришти. Бул техникалык миссия Европа Бирлиги финансылаган Борбордук Азияда чек араларды башкарууга көмөк көрсөтүү Программасы (БОМКА) тарабынан уюштурулган.

Европа Биримдигинин «Кыргызстандагы Коомдук Кеңештерине жарандык коомдун катышуусун күчөтүү” долбоору кичи гранттар программасынын башталышы жөнүндо жарыялайт. Катышууга жарандык коомдун уюмдары мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери менен бирдикте жана/же жергиликтүү коомдук кеңештердеги демилгелүү топтор менен медиа уюмдар же журналисттер менен биргелешкен долбоорлорду түзүү үчүн чакырылат.

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү 8-декабрда #EU4Democracy медиа-кампаниясынын алкагында уюштурулган видео-роликтердин конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземин өткөрдү. Бул иш-чара Бишкек шаарында болду.

Укук үстөмдүгү демилгесинин алкагында ЕБдин Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн Стратегиясына ылайык, Европа Биримдигинин Кеңешинде төрагалык кылуучу Эстония Демилгенин координаторлору катары Франция жана Германия өлкөлөрү менен тыгыз кызматташтыкта укук үстөмдүгү маселелери боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн адилет министрлери менен Европа Биримдигинин бешинчи конференциясын уюштурат.

2017-жылдын 27-ноябрында Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында Кыргызстандын 7 жогорку окуу жайынын студенттеринин катышуусунда адам укуктары темасында оюн болуп өттү. Бул оюндар Европа Биримдигинин медиа-кампания алкагында өткөрүлдү.

9-ноябрда Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү /ЕБдин вице-президенти Федерика Могерини Кыргыз Республикасына келди жана Президент Алмазбек Атамбаев, жаңы шайланган Президент Сооронбай Жээнбеков жана Премьер-министр Сапар Исаков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жогорку өкүл Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан Кыргыз Республикасынын Достук ордени менен сыйланды.

ЕБ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечектери кандай?

Pages