Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү

ЕРӨБ, Европа Биримдиги жана Жапония Кыргыз Республикасынын суу менен камсыздоо системасын жакшыртууга көмөктөшүүдө

04/05/2021 - 08:21
News stories

Ноокат шаарынын суу инфраструктурасын жаңыртууга €4,8 млн евро каражат бөлүнөт

Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү Ноокат шаарынын тургундары ЕРӨБ, Европа Биримдиги (ЕБ) жана Жапония тарабынан каржыланган суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча жаңы долбоордун негизинде таза ичүүчү сууга жана санитариялык шарттарга ээ болушат.

COVID-19 кризиси сыяктуу коомдук саламаттыкты сактоо көйгөйлөрүн чечүүдө өтө маанилүү болгон суу инфраструктурасы, 4,2 млн. евролук биргелешкен инвестициянын негизинде жакшыртылат. Бул каржылоо пакетинин ичинде ЕРӨБ тарабынан 15 жылга берилчү 2,2 млн. еврого барабар насыя жана Европа Биримдиги тарабынан капиталдык салым жасоого багытталган 2,0 млн. евро грант каралган.

Ноокат шаары тез арада эскирген суу менен камсыздоо системасын жакшыртууга муктаж. Каржылоо шаардын суу түтүктөрүн жаңыртууга, суу эсептегичтерин жана өрт өчүрүүчү гидранттарды орнотууга, ошондой эле системаны тейлөө үчүн жабдууларды жана атайын унааларды сатып алууга жардам берет. Инвестициялар ошондой эле сууну дезинфекциялоо системасын жана энергияны үнөмдөөчү насостук станцияны курууга багытталат.

Мындан тышкары, Жапония инженердик-техникалык колдоо көрсөтүү жана муниципалдык ишканадагы корпоративдик башкарууну жакшыртуу, анын ичинде бухгалтердик эсеп жана компаниянын оперативдик имердүүлүгүн камсыз кылуу маскатында 0,6 млн. евро грант бөлүп берет.

Бул иш-чаралардын негизинде муниципалдык ишкана өзүнүн кардарлар базасын азыркы 10,000ден 26,000 абонентке чейин көбөйтө алат, жана ошондой эле анын элге таза ичүүчү сууну жеткирип, алардын санитардык-гигиеналык шарттарын жакшыртууга жөндөмдүү жана суу системасын көп жылдар бою туруктуу тейлөөгө жараган каржылык жактан туруктуу ишканага айлануусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.   

Ишкана ошондой эле суу жана энергия жоготууларын азайтып, жылына болжол менен 1,65 млн. кубометр ичүүчү сууну жана 93,000 киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөйт, бул өз кезегинде шаардын климаттын өзгөрүүсүнө болгон туруктуулугун жогорулатып, компаниянын эксплуатациялык чыгымдарын оптималдаштырууга жардам берет.

***

ЕРӨБ суу менен камсыздоо жана канализация системаларын жакшыртууга багытталган жана жалпы суммасы 187 млн. евродон ашкан 24 долбоорго каржылык салым кошту. Анын ичинен 72 млн. евро банк тарабынан кредиттик негизде болсо, калган 115 млн. евро грант түрүндө, негизинен Европа Биримдиги жана Швейцария өкмөтү тарабынан берилди. ЕРӨБ кризиске жооп берүү жана калыбына келтирүү чараларын, анын ичинде Өтө маанилүү инфраструктураны колдоо программасын кабыл алды. Ага жараша үзгүлтүксүз иштеши керек делген коом үчүн маанилүү коммуналдык кызматтардын өзгөчө ролу белгиленген.   

2014-2020-жылдар аралыгында Европа Биримдиги түрдүү секторлорду, анын ичинде билим берүү системасы, айыл жергесин комплекстүү өнүктүрүү жана мыйзам үстөмдүгү сыяктуу секторлорду колдоого Кыргыз Республикасына 174 млн. еврого барабар көмөк көрсөттү. Мындан тышкары, Европа Биримдиги негизинен өлкөнүн суу секторуна багытталган инвестицияларды колдоо максатында 90,5 млн. евро грант бөлүп берди.   

Бүгүнкү күндө ЕРӨБ 191 долбоор аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасына 795 млн. еврого барабар инвестиция жасады. Инвестициянын көпчүлүк бөлүгү жеке ишкерликти колдоого багытталды.

Editorial Sections: