Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү

ЕРӨБ, ЕБ жана ЕИБ Кыргыз Республикасынын катуу калдыктарды башкаруу системасын жакшыртууга көмөктөшүүдө

03/06/2020 - 20:32
News stories

Ош шаарындагы негизги инфраструктураны жаңылоо үчүн 10,0 млн. евролук каржылоо пакети

  • ЕРӨБ, ЕБ жана ЕИБ тарабынан 10,0 млн. евролук каржылоо
  • Катуу калдыктарды башкаруу системасын жана инфраструктураны жакшыртуу
  • Айлана-чөйрөгө жана жергиликтүү элдин саламаттыгына болгон зыяндуу таасирлерди азайтуу

 

Ош шаарынын жана чектеш эки муниципалитеттин 300,000 ашуун тургуну катуу калдыктарды чыгаруу жана утилизациялоо боюнча кыйла сапаттуу тейлөө кызматтарын алалышат. Шаардын муниципалдык калдыктарды башкаруу системасы Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы, Европа Биримдиги (ЕБ) жана Европалык инвестициялык банкы (ЕИБ) тарабынан бөлүнгөн 10,0 млн. евро каржылоонун негизинде жакшыртылат. Сапаттуу тейлөө кызматтары коомдук саламаттыкты жакшыртууга жана коронавирус пандемиясы учурунда муниципалитеттердин туруктуу тиешелүү түрдө иштешине өбөлгө болот.

10,0 млн. евролук каржылоо пакети ЕРӨБ тарабынан берилген 2 млн. евро насыядан, Европа Биримдиги тарабынан капиталдык салым жасоого бөлүнгөн 5,0 млн. евро гранттан, жана ЕИБ тарабынан берилген 3 млн. евро насыядан турат. Каражаттар жаңы санитардык полигондун курулушуна, инфраструктуранын жаңыланышына жана таштанды таштоочу жайлардын реконструкциялаганга жумшалат.

Бул инвестициялар 0,95 млн. евро өлчөмүндөгү  ЕРӨБ акционерлеринин атайын фонду менен ЕРӨБдүн Эрте өткөөл мезгилдеги мамлекеттер фонду (Канада, Финляндия, Германия, Ирландия, Япония, Түштүк Корея, Люксембург, Нидерланды, Норвегия, Испания, Швеция, Швейцария, Тайбэй (Кытай) жана Улуу Британия) тарабынан бөлүнгөн жана инженердик колдоого, долбоорду ишке ашырууга жана муниципалдык ишкананын өнүгүшүнө багытталган грант менен толукталат. 

Бүгүн атайын техника жана жабдуулар, анын ичинде 12 таштанды ташуучу унаа жана 32 таштанды контейнер «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилди. Салтанаттуу аземге Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана «Ош-Тазалык» ишканасынын директору Нурбек Исмаилов катышты.

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, элчи Эдуард Ауэр бул иш-чаранын маанилүү экендигин белгилеп, төмөнкү пикирин билдирди:

«Муниципалдык кызматтардын туруктуу тиешелүү түрдө иштети эл тарабынан ар дайым талап кылынып келген. Бул маселеде кыргыз өнөктөштөрүбүзгө жардам берүү үчүн Европа Биримдиги ЕРӨБ жана ЕИБ менен биргеликте Кыргызстандын көп шаарларында кызматтарды жакшыртуу максатында бир катар долбоорлорду аткарып келет. Бүгүн биз заманбап жабдуулардын биринчи бөлүгүн өткөрүп бердик. Бул жабдуулар «Ош-Тазалык» ишканасынын инфраструктурасын жакшыртып, анын эффективдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк жаратат».

Жылдын аягына чейин дагы 1136 контейнер жана 12 таштанды ташуучу унаа, полигон үчүн атайын техника жана жабдуулар жеткирилип, Ош шаарында жана коңшу Кызыл-Кыштак жана Төлөйкөн айылдарында иштөө үчүн жайгаштырылат. Жабдуулар келген соң «Ош-Тазалык» ишканасы коом үчүн маанилүү болгон катуу калдыктарды башкаруу инфраструктурасын жаңылоого киришет.

Долбоор «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасындагы корпоративдик башкарууну жакшыртууга, ачык-айкын эсеп жүргүзүүгө жана өз убагында көрсөтүлгөн сапаттуу кызматтын негизинде төлөмдөрдү чогултуу көрсөткүчүн арттырууга да көмөктөшөт.

Европа Биримдиги тарабынан берилген 0,31 млн. евро өлчөмүндөгү гранттык каражаттар долбоорго экологиялык, техникалык жана финансылык баа берүү үчүн жумшалды.  

ЕРӨБдүн директору (Кыргыз Республикасы, Тажикистан, Түркменистан) Нил МакКейн да өз пикирин билдирди:

«Биз жергиликтүү элдин жашоо деңгээлин жана саламаттыгын жакшыртууу максатында мамлекеттик сектордогу долбоорлорду каржылоо аркылуу Кыргыз Республикасына көрсөткөн колдообузду улантабыз».

***

2014-2020-жылдар аралыгында Европа Биримдиги түрдүү секторлорду, анын ичинде билим берүү системасы, айыл жергесин комплекстүү өнүктүрүү жана мыйзам үстөмдүгү сыяктуу секторлорду колдоого Кыргыз Республикасына 174 млн. еврого барабар көмөк көрсөттү. Мындан тышкары, Европа Биримдиги негизинен өлкөнүн суу секторуна багытталган инвестицияларды колдоо максатында 90 млн. еврого жакын грант бөлүп берди. 

ЕИБ Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүшүн колдоо үчүн 112 млн. евро салым кошту. Банктын өлкөдөгү ишмердүүлүгү 2017-жылы башталгандан бери, банк өлкө экономикасынын кээ бир негизги секторлорундагы, анын ичинде айыл чарба, балык жана токой чарба, катуу калдыктарды башкаруу, суу жана канализация инфраструктурасы жана электроэнергияны бөлүштүрүү боюнча долбоорлорду колдоого алды. 

Бүгүнкү күндө ЕРӨБ 191 долбоор аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасына 795 млн. еврого барабар инвестиция жасады. Инвестициянын көпчүлүк бөлүгү жеке ишкерликти колдоого багытталды. ЕРӨБ суу менен камсыздоо жана канализация системаларын жакшыртууга багытталган жана жалпы суммасы 181 млн. евродон ашкан 23 долбоорго каржылык салым кошту. Анын ичинен 71 млн. евро банк тарабынан кредиттик негизде болсо, калган 110 млн. евро грант түрүндө, негизинен Европа Биримдиги жана Швейцария өкмөтү тарабынан берилди. ЕРӨБ кризиске жооп берүү жана калыбына келтирүү чараларын, анын ичинде Өтө маанилүү инфраструктураны колдоо программасын кабыл алды. Ага жараша үзгүлтүксүз иштеши керек деген коом үчүн маанилүү коммуналдык кызматтардын өзгөчө ролу белгиленген.   

Languages:
Editorial Sections: