THIS CONTENT HAS BEEN ARCHIVED

Европанын үзүмү Бишкектин борборунда

14.05.2019
Teaser

2019-жылдын 11-майында Бишкек шаарында экинчи ирет Европа Айылы – маданий ишчарасы болуп өттү. Анын максаты жергиликтүү калкка Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн салт-санаасы, үрп-адаты, тарыхы жана маданиятын таанытуу болду.

Main Image
Text

Анын жүрүшүндө ЕБ кирген 12 мүчө өлкөлөрдүн буюмдары, улуттук ашканасы, белектери жана басылма продукциялары, маалыматтык материалдары сунушталып, бардык каалоочулар – балдар үчүн оюн-зооктор, викториналар, интерактивдүү сессиялар уюштурулду.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасында ЕБ 10 долбоорунун көргөзмөсү, Венгрия тууралуу автордук фотосүрөттөрдүн экспозициясы жана шоу-программалар сунушталды.

Евроайылдын аймагында жарманке уюштуруу менен бирге маданий ишчаралар өтүпт, анын катарында ЕБ өлкөлөрүнүн артисттеринин ыр-бийлери, сынактары жана оюндары орун алды. Ачык асман алдында Пасадена жана тангонун ритмдери кулакка жагымдуу жаңырып турду.

Ишчаранын алкагында TAPE THAT германиялык чыгармачыл тобу түстүү тасмаларды колдонуу менен түшүнүктүү сүрөттөрдү түзүү боюнча мастер-класс өткөрүштү. Ошондой эле Европа айылында  Пасадена кесипкөй бийчилеринин уникалдуу мастер-классына катышуу менен танго бийлөөнү өздөштөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Евроайылдагы кече Латвия, Эстония, Финляндия жана Кыргызстандын мыкты ырчыларынын арткаруусундагы концерт менен жыйынтыкталды.

«Бир жыл мурда болгон, алгачкы Евроайылын ийгиликтүү жыйынтыктап алгандан кийин, бул ишчараны дагы да кайталоо керектигин түшүндүк. Анткени, Кыргызстандыктардын Европага болгон зор жана өсүп жаткан кызыгуусун көрүп жатабыз. Мындай ишчаралар – Европа тууралуу кызыктыруу менен түшүнүктүү айтып берүүнүн эң жөнөкөй жолу»,- деп билдирди Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдиктин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр.

Европа айылына Австрия, Бельгия, Германия, Испания, Латвия, Словакия, Финляндия, Швеция, Эстония, Италия жана Венгриянын өкүлчүлүктөрү катышты. Бул ишчараны ЕБ Өкүлчүлүктөрү жана Бишкек мэриясы биргеликте уюштурушту.

Кошумча сүрөттөрдү бул шилтемеден көрсөнүз болот.

 

Post category
News stories
Editorial sections
Кыргыз Республикасы