

Программа элет калкынын киреше мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталып, экономика жана социалдык өнүгүүнү максаттаган жергиликтүү демилгелерге түрткү берүүнү көздөйт. Программа жергиликтүү жарандык коомду, өндүрүүчүлөрдү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын ортосундагы жигердүү кызматташууну күчөтүү аркылуу айыл чарба жана туризм секторлорунун мүкүнчүлүктөрүн бекемдейт. Аталган программа Жалал-Абад облусун жана аны менен чектеш болгон облустарды камтып бири-бири менен байланыштуу үч натыйжага жетишүүнү максат кылат:
Күтүлүүчү 1-натыйжа дыйкандардын жана туризм тармагында кызмат көрсөтүүчүлөрдүн уюштуруучулук жана кызматташуу жаатындагы деңгээлин жакшыртуу менен өндүрүш, туристтик кызмат көрсөтүү жана маркетинг чөйрөлөрүндөгү иш аракеттерин координациялоого багытталат.
Күтүлүүчү 2-натыйжа калктын айыл чарба өндүрүшүнө, туризмге жана башка керектөөлөрүнө байланышкан кызматтардын санын көбөйтүүнү жана сапатын жакшыртууну көздөйт.
Күтүлүүчү 3-натыйжа социалдык-экономикалык өнүгүүгө керектүү шарттарды жакшыртууга өбөлгө болуучу иш-чараларды жана инвестицияларды биргелешип жүзөгө ашырууда жеке жана мамлекеттик секторлор, ошондой эле жарандык коом ортосундагы туруктуу диалогду түзүүгө багытталат. Программа жарандык коомдук уюмдарды жана бейөкмөт уюмдарды долбоордук сунуштардын сынагы аркылуу кызматташууга чакырат.
Долбоордук сунуштардын биринчи сынагы айыл чарба жана туризм багытында кызмат көрсөтүүдөгү кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүүгө багытталып төмөндөгүдөй мүнөзгө ээ болот:
Долбоордук сунуштардын биринчи сынагына катышуу үчүн кызыккан уюмдар каттоо баракчаларын тапшыруулары зарыл.
Каттоо үчүн сиздерге берилген форманы 2019-жылдын 29-апрелинин 00:00 саатына чейин «Каттоого талап» деген белги менен irdp-kg@giz.de электрондук дарегине жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Каттоодон өткөн уюмдар маалымат алуу жолугуушусуна чакырылат жана 2019-жылдын 29-апрелиндеги жумуш күндүн аягына чейин кайрылуунун толук документтерин алышат.