Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү

Кыргызстанда 18 миңден ашуун “көрүнбөс” бала жашайт

Бишкек, 01/02/2019 - 08:06, UNIQUE ID: 190201_1
Press releases

Бишкекте балдардын ысым жана жарандык алууга болгон негизги укуктарына коомчулуктун көңүлүн бурган “көрүнбөс” балдар бар

ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, беш жашка толо элек курактагы 97,7% балдардын төрөлгөнү катталган. Бирок жарык дүйнөгө келгенде катталбай калган балдардын көрүнбөгөн топтору бар. Болжолдуу эсеп боюнча, беш жашка чыга элек 18 миңден ашык баланын туулгандыгы катталган эмес.

“Төрөлгөнүн каттоо ар бир баланын саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо жана билим берүү өңдүү базалык кызмат көрсөтүүлөргө жете алуусун камсыз кылууда өзөктүк учур болуп эсептелинет. Бала төрөлгөндө аны каттоо баланы мыйзам алдында таанылуусун, алардын укуктарын коргоону камсыздоодо жана бул укуктардын бузулушу көмүскөдө калтырбоодо биринчи кадам болуп саналат. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк баланын төрөлгөнүнүн далили катары ата-энесинен ажыратылган балдардын жана ата-энеси миграцияга кеткен балдардын тагдырына көз салып турууга көмөктөшөт. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк – оор турмуштук кырдаалда калган балдарга жардам берүүдө мамлекет үчүн ачкыч болуп берет”, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо.

Бул жума БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана БУУнун Качкындар иши боюнча агенттиги (КЖКБ) менен биргеликте жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн каржылоосу аркылуу шаардыктарга “Көрүнбөс балдар” деп аталган инсталляцияны көрсөтүштү. Бул иш-чара ар бир баланын төрөлгөнүн, ысымын жана улутун каттоого болгон негизги укуктары тууралуу шаардыктардын маалымдуулугун жогорулатуу максатында уюштурулду.

“Төрөлгөндө катталуу укугу ар бир адамдын фундаменталдуу укугу болуп эсептелинет жана бул эл аралык укукта да бекитилген. Баланын төрөлгөнүн каттоо жарансыздыкты болтурбоонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Бул болсо жарансыздыкты болтурбоо жана кыскартуу боюнча БУУ КЖКБнын мандаты менен тыгыз байланышта турат. Төрөлгөнүн каттоонун жоктугу жарансыздык дегенди билдирбейт. Бирок бул баланы жарандыгы жок калтыруу тобокелдигин күчөтөт. Себеби бала төрөлгөндө каттоого алынбаса, ал кийин мамлекет менен юридикалык байланышы бар экенин далилдөөдө кыйналышы мүмкүн. Ар бир өлкө баланын төрөлгөнүн каттоо практикасы өлкөдө төрөлгөн бардык балдарга катталууга мүмкүнчүлүк бере тургандай камсыз кылып, бул процессти мүмкүн болушунча жөнөкөй жана тоскоолдуксуз кылышы керек”, - деп белгиледи БУУ КЖКБнын Борбор Азия боюнча регионалдык өкүлү Ясуко Ода.

Бишкектин тургундары “көрүнбөс” балдардын инсталляцияларын ар түрдүү коомдук жайларда – борбордук Ала-Тоо аянтында, Ош баарында, соода боборлорунун ичинде жана жанында көрө алышты. Бул балдар ар бир адамда негизги укуктары сакталышы үчүн төрөлгөнүн милдеттүү түрдө каттоого үндөштү. Өнөктүктү социалдык тармактардын колдонуучулары да колдоого алып, коомчулукту, аны менен катар ата-энелерди жооптуу болууга, балдарын негизги укуктарынан ажыратпоого чакырышты.

“Төрөлгөнүн каттоого таасирин тийгизүү индивидуалдуулуктун алкагынан чыгып, жакшы башкарууну жана отчеттуулукту колдоо үчүн, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында мамлекет үчүн өтө чоң мааниге ээ. Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү мигранттардын балдарын коргоо боюнча долбоорду колдойт. Муну балдардын жарансыздыгына байланышкан көйгөйлөрдү чечүү жолу менен да ишке ашырат”, - деп айтты атташе, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүктүн долбоордук менеджери Лука Карапелли.

Аягында “көрүнбөс” балдар 2019-жылдын 1-февралында “Кыргыз Республикасында балдардын төрөлгөнүн каттоо жана балдар арасында жарансыздыкты болтурбоо” деген темада өтчү тегерек столго катышат. Баланын төрөлгөнүн каттоо жана балдар арасында жарансыздыкты болтурбоо процессин жолго салуу үчүн көрүлгөн аракеттерге таянуу менен, БУУ КЖКБ жана ЮНИСЕФ Ар бир баланын жарандыкка укугу үчүн глобалдык коалициянын алкагында Евробиримдиктин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматы менен өнөктөштүктө тегерек стол талкуусун уюштурууда.

Иш-чарада бул чөйрөдөгү кемчиликтерди жок кылуу үчүн зарыл болгон кадамдар жана Кыргыз Республикасынын аймагында төрөлгөн бардык балдар төрөлгөндө эле катталып, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышын камсыз кылуу үчүн зарыл иш-аракеттер талкууга алынат. Тегерек стол талкуусуна парламенттин мүчөлөрү, парламенттик комитеттердин эксперттери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, ЮНИСЕФ жана БУУ КЖКБ катышат.

Editorial Sections: