Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү

Европа Биримдиги Жалал-Абад облусунун калкынын кирешесин көбөйтүүгө багытталган программаны ишке киргизди

05/12/2018 - 09:10
News stories

2018-жылдын 5-декабрында Европа Биримдиги жана Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) Жалал-Абад облусунда «Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» программасын ишке киргизишти.

«Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» программасы Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH менен аткарылып, ЕБ жана Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) менен биргеликте каржыланат.

Жалпы бюджетти 11,3 миллион еврону түзүп, анын ичинен 9,8 миллион еврону ЕБ бөлгөн.  Программанын аракеттери айыл чарбанын жана туризмдин дараметин күчөтүү аркылуу жергиликтүү социалдык жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүшөт. Улуттук стратегияларга ылайык, программа жергиликтүү экономикалык кластерлерди өнүктүрүүгө өз салымын кошмокчу. Программа 2018-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын ноябрына чейин иштейт.  

Программа Кыргызстандын түштүк аймактарынын, тагыраак айтканда Жалал-Абад облусундагы элет калкынын, анын ичинде өзгөчө аялдардын, жаштардын жана аялуу топтордун арасында киреше мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталган. Ар түрдүү иш-аракеттер аркылуу, мисалы, табыштамалар, чакан инвестициялар жана дараметти жогорулатуу менен программа жергиликтүү дыйкандарды, туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдү,  жарандык коомду жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын колдойт.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр жана Германиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Ирия Берг программанын ачылыш аземине катышышты.

Editorial Sections: