Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү

ЕБ Европа менен Азиянын өз ара аракеттешүүсүнүн стратегиясын иштеп чыкты

Бишкек, 19/09/2018 - 13:18, UNIQUE ID: 180919_11
Press releases

Бүгүн Европа Комиссиясы менен тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Биримдиктин Жогорку Өкүлү Бирдиктүү билдирүү кабыл алышты, анда Европа менен Азиянын өз ара аракеттешүү деңгээлин жогорулатуу боюнча жаңы жана баарын камтыган стратегияга болгон Европа Биримдигинин көз карашы баяндалат.

Бирдиктүү билдирүү Европа Биримдигинин мүчө-мамлекеттери менен башка аймактардын ортосундагы байланышты кеңейтүү боюнча жеке тажрыйбасына негизделген.

Туруктуу, баарын камтыган жана анын негизинде өз ара аракеттешүү эрежелерине негизделген билдирүү Европа Биримдигинин бул тармакта тышкы аракеттеринин ишке ашуусуна көмөктөшүп анын Глобалдык стратегиясынын ишке ашыруу боюнча бөлүгү болуп эсептелет.  

Европа Биримдигинин Европа менен Азиянын өз ара аракеттешүү боюнча Стратегиясынын элементтеринин Кошмо билдирүүсүнүн тексти менен онлайн таанышса болот.

"Өз ара аракеттешүү – келечекке жетелеген жол. Канчалык көп бирдиктүү аракеттенсек, ошончолук жалпы саясий чечимдерди табуу жана жараандардын экономикалык жыргалчылыгын камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү көп болот", - деп билдирди Жогорку Өкүл / Төраганын орун басары Федерика Могерини. "Биздин ыкма-бул Европа Биримдигинин жолу: тармактарды бекемирээк орнотуп,  жалпы эрежелерди сактоого негизделип, бардык секторлордо туруктуу өз ара аракеттешүүнү камсыздаган өнөктөштүк мамилени бекемдөө. Бул Европанын эле эмес Азиянын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн, көйгөй жана мүмкүнчүлүктөрдү чечүүнүн европалык жолу”.

Иш менен камсыздоо, өнүгүү, инвестициялоо жана атаандаштык маселелери боюнча Төраганын орун басары, Юрки Катайнен: "Биз Европа жана Азиянын өз ара аракеттешүүсүсүн арттыруу максатында Азиядагы өнөктөштөрүбүз менен иштешип, биздин баалуулуктарды жана ыкмаларды кошумчалыгыбыз келет. Курула турган инфратүзүм тармактары, макулдашылган, функционалдуу сыйыштырылган, ошондой эле финансылык, экологиялык жактан туруктуу болушу зарыл. Тендер сынактары ачык-айкын болуп, барабар мүмкүнчүлүктөргө жана адал башкарууга көмөктөшүп туруусу шарт. Бул натыйжалуу ыкма, жана ал Азия өлкөлөрүндө, Чыгыш коңшулаш мамлекеттеринде, Батыш Балканда суроо-талапка ээ", - деди.

Эл аралык кызматташуу жана өнүгүү боюнча Комиссар Невен Мимица: " ЕБ жана Азия 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүү жана БУУнун Күн тартибин аткаруу жаатындагы маанилүү өнөктөштөр болуп саналат. Өнүгүү тармагындагы кызматташтык  Азия менен өнөктөштүктөгү биздин кеңири катышуубуздун маанилүү элементи болуп саналып, туруктуу өз ара аракеттешүүгө жардам көрсөтүүдө акыркы эмес орунду ээлейт. Биз мындан ары да кызматташтыкты бекемдеп, техникалык жардам көрсөтүү, ченемдик - укуктук базаны жөнгө салууну мыктылоо, ошондой эле өтө зарыл болгон каражаттарды көбөйтүү үчүн стимул берүүгө басым жасаганга аракет кылабыз",-деп оюн билдирди.

Унаа боюнча Комиссар Виолета Бульц: "Унаа инфратүзүмү – бир континенттен экинчи континентке санариптештирүү жана көмүртексиздештирүү канатында адамдарды жана товарды ташууда ЕБ менен Азиянын ортосундагы кызматташтыктын кан айлануу тутуму. Европа өз тажрыйбасы менен бөлүшүп,  трансъевропалык унаа тармагы-дүйнөдөгү эң өнүккөн унаа тармагынын түрү жана инфратүзүмдү каржылоо программаларында катышат. Өз ара аракеттешүүнүн мааниси зор! "-деди.

Туруктуу, баарын камтыган, эрежелерге негизделген өз ара аракеттешүү –ЕБ жолу
EБ, Азия экономикалык модели жана өнүгүү деңгээли ар кандай болгон аймактарды өзүнө камтыырын түшүнөт. Ошондуктан, ЕБ үч негизги багыт боюнча иш алып барат:

1.    Унаа байланышын түзүү, энергетикалык санариптик жана адамдар арасында байланыш түзүү;
2.    Азия өлкөлөрүнө жана уюмдарга өз ара аракеттешүү боюнча өнөктөштүк сунушу;
3.    Ар түрдүү каражат куралдарын колдонуу жолу менен туруктуу каржылоону илгерилетүү.

Транс чек аралык тармактарды түзүү

Натыйжалуу инфратүзүмдөр жана байланыштар өнүүгүүгө жана иш орундарына шарт түзүп адамдардын жана товардын кыймылдоосуна мүмкүнчүлүк тузөт. Унаа байланышынан энергетикалык тармакка, санарип байланышындагы адамдардын алакасына чейин, ЕБ тармактарын кеңейтип өз камтыган чегинен чыгып, жаңы тармактарга салымын кошот.  

Трансъевропалык унаа тармактары  (TEN-T) ЕБ Азия менен чектеш өлкөлөрго чыгып жатат. Эми ЕБ Азиянын тармагы менен TEN-T бириктириши керек.ЕБ жалпы санарип рыногу санарип кызматтарынын соода көлөмүн жогорулатууга үлгү көрсөтүп, ал эми Өнүгүү үчүн санариптештирүү стратегиясы  социалдык-экономикалык өнүгүүгө түрткү болот. Биз таза энергияга трансформациялаган кыймылдуу рынокко басым кылган эркин аймактык энергетикалык рынок түзүү боюнча тажрыйбабыз менен бөлүшөбүз. Биз, мисалы, билим берүү, илимий-изилдөө, инновация, маданият жана туризм тармагында адамдардын ыкчам алмашуусуна жардам беребиз.

Өз ара аракеттешүү боюнча бекем эки тараптуу жана глобалдык өнөктөштүктү өөрчүтүү
Биздин жашоо үзгүлтүксүз коопсуз товарлардын, кызмат жана адамдардын тутумуна көз каранды. Калыс жана ачык-айкын, эрежелерге баш ийген ички рынокту түзгөн,  мол тажрыйбага ээ ЕБ, анын чегинен тышкары өнөктөштөр менен туруктуу өз ара аракеттешүү ыкмаларын илгерилетүү боюнча иш алып барат.
ЕБ өз ара аракеттешүү боюнча эки тараптуу өнөктөштүккө умтулат. Мисалы ЕБ менен Кытай ортосундагы өз ара аракеттешүү платформасы эки тарапты бириктирип, ар түрдүү пикирлерди караштырууга көмөк түзөт. Аймактык деңгээлде ЕБ  өз ара аракеттешүүнүн кеңейишине түрткү болгон жана аймактык кызматташтыктын ар түрдүү түзүмдөрүнүн интеграциясынын, мисалы, Балтика жана Кара деңиздеги, ошондой эле АСЕАН менен ASEM процессинин алкагындагы  тажрыйбасын колдонсо мүмкүн. Өз ара аракеттешүү  тармагындагы аймактар арасындагы кызматташтыктын кеңейишине көмөктөшүү Европа Биримдигине өзүнүн туруктуу жана эрежелерге негизделген өз ара аракеттешүү үлгүсүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

Дагы бир жагдай, EБ-укуктук негиздерди жана өз ара аракеттешүүнүн белгилүү бир формаларын  жана өз ара белгилүү бир түрлөрүн аныктоодо, мисалы, эл аралык үлгүлөрдү орнотууда эл аралык уюмдар менен кызматташат. Бүткүл дүйнөлүк соода уюму, Эл аралык энергетика агенттиги, Эл аралык деңиз мейкиндиктерин уюму жана Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиктери – ЕБ иштеп жаткан, ошондой эле туруктуу жана адилеттүү глобалдык практика үстүндө ишин уланта турган бир нече гана мисалдар.

Инвестициянын туруктуу каржылоосун илгерилетүү  

Жылына инфратүзүмгө 1,3 трлн. евро каражат инвестиция талап кылынган Азиядагы ЕБ компаниялары үчүн ишенимдүу укуктук чектөөлөр болгондо гана чоң мүмкунчүлүктөр бар. ЕБ эл аралык каржы институттарынын, ар тараптуу өнүктүрүү банктарынын жана жеке сектордун  каражат булактарын өз ара аракеттешүүнү камсыздоодо туруктуу ички жана эл аралык каржылоо үчүн бириктирүүгө умтулат. Аны менен бирге ачык-айкын жана бизнес үчүн тең шарттарды камсыздайт.

Инвестицияны каржылоодогу топтомдуу ыкма алгач Европада стратегиялык инвестициялардын Европалык фонду тарабынан киргизилип, ошондой эле ЕБнин сыртында, атайын географиялык инвестициялык механизмдер аркылуу иштеп, инфратүзүм жана өз ара аракеттешүү үчун инвестицияларды ийгиликтүү тартып турат. ЕБнин( 2021-2027жылдарда), келээрки көп жылдык каржылоо программасынын алкагында, тышкы аракеттерди күчөтүү максатында Европалык Комиссиянын сунушу менен бирге, Азияда кошумча интеллектуалдык, иннвациялык жана көп тараптуу инвестицияны каржылоо боюнча маанилүу потенциал бар.  

Европа менен Азия ортосундагы унаа, энергетикалык, санарип тармактары аркылуу өз ара аракеттешүүнүн кеңейиши коомчулуктун жана аймактардын туруктуулугун жогорулатат, соода-сатыкка өбөлгө түзүп, көмүртектин аз деңгээлде бөлүнүп чыгарылышына түрткү болгон туруктуу келечек үчүн эрежелердин негизинде эл аралык тартиптин орношуна мумкүнчүлүк берет. Бул Бирдиктүү билдирүү Тынч Океан аймагындагы өнөктөштөр менен ЕБ аракеттештиги жөнүндө, Европа тургундарынын жана биздин өз ара аракеттештигибиздин баалуулугун көрө алган өлкөлөр жөнүндө маалымат берет.

Кошумча маалымат
Европа Комиссиясы жана тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Европа Биримдигинин Жогорку Өкүлү тарабынан кабыл алынган Бирдиктүү билдирүү ЕБ Европа менен Азиянын өз ара аракеттешүүсу боюнча стратегиясынын элементтерин билдирет.

Бирдиктүү билдирүүдөгү сунуштар Европа Парламенти жана Кеңешинде талкууланып, Брюсселде 18-19 октябрда өтүүчү  "Азия — Европа" (ASEM), Форумунун саммитинде, өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулоого салымын кошот.