Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү

Кыргызстанда ЕБинин Өкүлчүлүгүнүн жаңы башчысы дайындалды

Бишкек, 20/09/2018 - 13:37, UNIQUE ID: 180920_7
Press releases

Кыргыз Республикасында Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн жаңы башчысы болуп Эдуард Ауэр дайындалды. Бүгүн ал ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге тапшырып, өз милдеттерине киришти.

Жолугушууда алар учурдагы саясий диалог, анын ичинде, өнөктөштүктү жана кызматташтыкты арттыруу жөнүндө Макулдашуу боюнча уланып жаткан сүйлөшүү процессин талкуулашты. Өнүгүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулоодо эки тарап, кызматташуунун маанилүү секторлору: билим берүү, укук үстөмдүгү жана айыл аймактарынын топтомдуу өнүгүшү, алардын  суу менен камсыздоосуна чейинки түрдүү долбоорлорду ишке ашыруудагы кызыгууларын ырастады.   

Андан тышкары тараптар аймактык күн тартибин, атап айтканда, аймактын коопсуз гүлдөп өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн Борбор Азиядагы кызматташтыктын илгерилеши жана бекемдеши боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулашты. Элчи Ауэр мырза Европа Биримдиги республикадагы демократия жана адам укугу боюнча процесстерди бекемдөөгө кызыктар экендигин тастыктады.

Жолугушуудан соң Ауэр: " Мен бул кооз өлкөдө иш баштаганыма  кубанычтамын. Кыргыз Республикасы менен ЕБнин ортосундагы мамилелер тыгыз жана көп кырдуу болуп саналат. ЕБ мамилелерди бекемдөө жана Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн, өлкөнүн мамлекеттик органдары жана эл менен бирге иш алып барат",- деди.  

Элчи Аэур мырза мурда Брюсселдеги Батыш Балкан боюнча Европанын тышкы байланыштарынын бөлүм башчылык милдетин аткарган, ага чейин Тажикстандагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы болгон.

Editorial Sections: