Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү

ЕБдин техникалык миссиясы ВСП+ талаптары жөнүндө Бишкек менен Ошто семинар өткөрдү

Бишкек, 27/04/2018 - 07:51, UNIQUE ID: 180427_3
Press releases

Ушул жумада Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө-мамлекеттердин беш эксперти Бишкек менен Ошто ВСП+ статусунун талаптарынын алкагында ЕБдин импорт жана экспортунун стандарттары боюнча семинар өткөрүү үчүн Кыргызстанга келишти.

Семинарлар 23-25-апрелде Бишкекте жана 26-27-апрелде Ошто тийиштүү мамлекеттик мекемелердин, ведомстволордун жана министрликтердин өкүлдөрү үчүн өткөрүлдү.

Эксперттер айыл чарба товарларынын жана мал чарбасынын азыктарынын импортунун, экспортунун жана сапатынын европалык стандарттарынын, ошондой эле бажылык тариздөө жол-жоболорунун, импорттолуучу азыктарга салык салууларды жөнгө салуунун, ЕБнин сертификациялоо системасынын жана ХАССП (тобокелдиктерди жана өзгөчө контролдук чекиттерди талдоо) жолдорунун бетачарларын өткөрдү.

Миссия жана семинарлар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясы жана ЕБнин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен кызматташтыкта Европа Комиссиясынын маалымат алмашуу жагында техникалык жардам Инструменти тарабынан уюштурулган жана финансыланган.

Бул TAIEX миссиясынын Кыргызстандагы үчүнчү миссиясы. Ушундай эле эки миссия Кыргызстанда 2017-жылы болгон.

Editorial Sections: