THIS CONTENT HAS BEEN ARCHIVED

Федерика Могерини Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушту

27.03.2018
Teaser

Европа Комиссиясынын тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү/вице-президент Федерика Могерини кечээ, 26-мартта “Тынчтык процесс, коопсуздук жагындагы кызматташтык жана региондук өз ара аракеттенүү” деген Афганистан боюнча Ташкент конференциясынын алдында Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери, ошондой эле Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту.

Main Image
Text

Бул жолугушуу ЕБ менен Борбордук Азиянын тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын 2017-жылы ноябрда Самаркандда болгон расмий жолугушуусунан төрт ай өткөндөн кийин, жана Астанда Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын тарыхый расмий эмес жолугушуусунан эки жумадан соң болуп жатат.

Ташкенттеги жолугушуу ЕБ менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамилелердеги дурус тенденцияларды талкуулоо мүмкүнчүлүгүн берди, ошондой эле региондогу туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө ЕБ берип жаткан зор маанини, ошондой эле кыйла тыгыз байланыштарды өнүктүрүүнү көрсөттү.  Федерика Могерини жана министрлер андан аркы кызматташтыктын келечектерин талкуулашты, анткени Европа Бирлиги өнүктүрүү, коопсуздук, терроризмге каршы күрөшүү жана курчап турган чөйрө маселелери боюнча региондун өлкөлөрүнүн маанилүү өнөгү болуп саналат.

Бул жолугушуу министрлерге Борбордук Азия боюнча ЕБдин жаңы стратегиясына байланыштуу кошумча комментарийлерди айтууга мүмкүнчүлүк берди, ал азыркы учурда иштелип чыгып жатат. Федерика Могерини жана министрлер жаңыланган стратегияда туруктуу өнүктүрүү, реформалоо жана модернизациялоо, адам укуктары, укуктун үстөмдүгү жана эффективдүү башкаруу, бизнес, коопсуздук, региондук кызматташтык жана өз ара аракеттенүү сыяктуу артыкчылыктар кандай чагылдырыла тургандыгы жөнүндө пикир алышты.

ЕБдин Жогорку өкүлү  Европа менен Азиянын өз ара аракеттениши жөнүндө Европа Биримдигинде жүргүзүлүп жаткан жаңы Стратегияны иштеп чыгуу боюнча жана Борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн анын актуалдуулугу жөнүндө маалымат берди.           

Афганистан боюнча Ташкент конференциясынын алдында Федерика Могерини эл аралык шериктештикти, анын ичинде региондук өнөктөрдүн Афганистанда тынчтыкты чыңдоо жана гүлдөп-өнүгүү ишин жактоодо зор маанисин баса белгиледи. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн катышуусу менен бул багытта маанилүү кадамдар катары темир жолдорду жана трубоөткөргүчтөрдү куруу, авиа каттамдарды өнүктүрүү сыяктуу Афганистан менен байланышты кеңейтүүгө багытталган ачык-айкын региондук долбоорлор кубатталат. Жолугушуунун катышуучулары Афганистанда жаңжалдарды тынчтык менен чечүү мүмкүн экендигине, жана бул мүмкүнчүлүктө "Талибан" кыймылы пайдаланып калышы керек экендигине макул болушту.

Жогорку өкүлү жана министрлер ЕБ-Борбордук Азияда саясый маселелер жана коопсуздук боюнча жогорку деңгээлдеги Түркмөнстанда боло турган Диалогдун кийинки раунддарын кошуп алганда кийинки айдарда жогорку деңгээлдеги карым-катнаштар улантыла тургандыгына ишеним билдиришти, алар Өзбекстанда Борбордук Азия экологиялык форумунда, терроризмге каршы күрөшүү жана зомбулук экстремизмди болтурбоо боюнча Региондук конференцияда, ошондой эле суу ресурстары боюнча Эл аралык конференцияда болот. Кийинки эки иш-чара Тажикстанда ЕБ менен Борбордук Азиянын тышкы иштер министрлеринин 2018-жылы Брюсселдеги  кийинки расмий жолугушуусуна чейин болот.

 

Post category
News stories
Editorial sections
Кыргыз Республикасы