Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү

Петер Буриан: ЕБ Кыргызстанга колдоо көрсөтүүсүн улантууда

Бишкек, 21/02/2018 - 09:11, UNIQUE ID: 180221_1
Press releases

Европа Биримдигинин (ЕБ) атайын өкүлү, элчи Петер Буриан 19-21-февралда Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетти.

Сапардын учурунда Петер Буриан Президент Сооронбай Жээнбеков, Премьер-министр Сапар Исаков, ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев, ТИКтин төрагасы Нуржан Шайлдабекова, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Керезбеков жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушту.

Тараптар ар кайсы чөйрөлөрдө Европа Бирлиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты, ошондой эле Борбордук Азиядагы кырдаалды талкуулашты.

"Мени Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин кайра түзүүлөр жана реформалар процессин кыйшаюусуз жактагандыгы, ошондой эле өкмөт кыйла ачык, отчёттуу жана өз жарандарынын мүдөөлөрүнө кайрымдуу болуп калгандыгы кубандырды. ЕБ бул багытта республиканын ишенимдүү өнөгү болуп саналат жана Кыргызстанга колдоо көрсөтүүсүн уланта берет”, - деп айтты  Петер Буриан жолугушуунун жыйынтыгында.

Андан тышкары, Петер Буриан  Европа Бирлиги Бишкекте республиканын бийликтери менен бирге уюштурган  “Кыргызстандын көз карашынан ЕБ менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамилелер” семинарына катышты. Мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, бизнес-ассоциациялардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, эксперттер жана талдоочулар кызматташтыктын абалын жана аны өнүктүрүү жолдорун талкуулашты. Талкуунун жыйынтыгы Борбордук Азия боюнча Европа Бирлигинин жаңы стратегиясын иштеп чыгууда эске алынат.

 

Editorial Sections:

Author