Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү

Кыйноолорго жол бербестик – мамлекет менен коомдун күч-аракеттерин бириктирүү

09/02/2018 - 10:04
News stories

Кечээ, 8-февралда, Бишкекте кыйноолордун алдын алуу маселелеринде мамлекет менен жарандык коом уюмдарынын күч-аракеттерин бекемдөөгө багытталуучу, Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Кыргызстанда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкечиликсиз жана адамдын беделин түшүрүүчү мамилелер менен жазаларга каршы күрөштө мамлекет менен жарандык коомдун күч-аракеттерин колдоо» деген үч жылдык биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун башталышына арналган пресс-конференция болуп өттү.

Кыргызстан жабык мекемелерде кыйноолорду түп-тамырынан бери жоюуга багытталган эл аралык миледеттемелерге катышуучу өлкө болуп эсептелет. 2018-жылы өлкө БУУнун Кыйноолорго каршы комитетине үчүнчү Мезгилдик докладын бермекчи.

«Эл аралык түрмөлөрдү изилдөө борборунун маалыматтарына ылайык, (International Center for prison studies) кылмыш жаза аткаруу мекемелеринде 10 000ден ашуун соттолгондор жазасын өтөп жатат. Дүйнөлүк рейтингдин таблицасында Кыргызстан түрмөдө отурган адамдардын жалпы саны боюнча 93-орунда турат: мында өлкөнүн жалпы калкынын ар бир 100 миңине 166 сот жазасын өтөп жаткан адам туура келет. Бирок кыйноого адамдар жабык түрдөгү бардык мекемелерде дуушар болушу ыктымал», - деп белгиледи Penal Reform International-дын (PRI) Борбордук Азиязагы чөлкөмдүк директору Азамат Шамбилов.

Бейөкмөт уюмдары жүргүзүп жаткан изилдөөлөрдүн статистикасы жана Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары көрсөткөндөй, мыйзамсыз иш-аракеттердин басымдуу – 85%дан кем эмес бөлүгү сотко чейинки мезгилде жасалып жатат. 2016-жылы Башкы прокуратурага кыйноолор жана башка ырайымсыз, адамкерчиликсиз жана адамдын беделин түшүрүүчү мамилелер менен жазалардын түрү жөнүндө өлкө боюнча жарандардан 435 арыз келип түшкөн. Бардыгы болуп 33 кылмыш иши козголду. Ырайымсыз мамиле жөнүндө айтсак, соттор 51 ишти карап, 62 кызмат адамын сот жазасына тартуу жөнүндө чечим чыгарган. Азыркы кезде соттор кыйноо аракеттери үчүн 116 айыпталуучу боюнча 43 кылмыш ишин карап жатат.

«2017-жылы Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун дарегине 217 кайрылуу түшүп, анын 104ү кыйноо ыкмаларын колдонууга байланыштуу болсо, 25м ырайымсыз мамиле жөнүндө арыз эле. Бул арыздануучулардын 95%ы ИИМ тутумунда 8%ы УКМКда, 1 %ы КЖАМКда кыйноо аракеттери жөнүндө билдирген. 2 арыз боюнча кылмыш иштери козголду (Ысык-Көл жана Чүй обастыларынын мекемелери)», - деп билдирет Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов.

2016-жылдагы өз кайрылуусунда БУУнун Атайын докладчысы Хуан Мендес: «Өлкөдө көрүлгөн чаралар кыйноолорго каршы эч бир чыдабастык мамиле саясатын курууга негиз түзүп, БУУ менен диалогду жана анын жол-жоболору менен иштөөнү улантууга Кыргызстандын даяр экендигин баса белгилейт. Бул болсо тырышчаактык менен жасалган иш-аракеттердин аркасында кыйноолоду териштирип, документтештерүү, аларга каршы күрөшүү жана акыр-аягында түп-тамырынан бери жоюу иштеринин натыйжалуу каражаттары иштелип чыгып ишке киргизилет деп үмүттөнтөт» - деп белгилеген.

Бул мезил аралыгында Кыргызстан кыйноолорду такыр жоюу боюнча бир катар чараларды көрдү. Бирок өзүнчө көңүл бурууну жана мамлекет менен коомдун күч-аракеттерин бириктирүүнү талап кылуучу бир катар маселелер дагы да болсо бар, себеби бардык көрүлгөн чараларга карабай, кыйноолор дагы эле орун алып келет.

 

Editorial Sections:

Author