Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү

Кичи гранттар программасына катышууга чакыруу

Бишкек, 25/12/2017 - 05:37, UNIQUE ID: 171225_1
Press releases

Европа Биримдигинин «Кыргызстандагы Коомдук Кеңештерине жарандык коомдун катышуусун күчөтүү” долбоору кичи гранттар программасынын башталышы жөнүндо жарыялайт. Катышууга жарандык коомдун уюмдары мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери менен бирдикте жана/же жергиликтүү коомдук кеңештердеги демилгелүү топтор менен медиа уюмдар же журналисттер менен биргелешкен долбоорлорду түзүү үчүн чакырылат.

Бул чакырыктын негизги максаты борбордук, ошондой эле жергиликтүү деңгээлдеги Коомдук Кеңештердин демилгелерине колдоо көрсөтүүгө, коомдук ролун алгылыктуу түшүнүүгө жетишүүгө шарт түзгөн синергиялык аракеттерди кепилдөө, ошондой эле жарандардын жоопкерчилик маданияттарын жана Коомдук Кеңештер менен өз ара аракеттенүүгө тартылуусун илгерилетүү болуп саналат.

Бир долбоорду жалпы каржылоо суммасы 10000 евродон ашык болбошу керек.

Долбоорлор төмөндөгүдөй жол аркылуу берилиши мүмкүн: Долбоордук кеңсеге почта аркылуу/жеке жеткирип берүү: Турусбеков көч., 6/2, 720033 Бишкек, Кыргыз Республикасы, тел/факс: +996 (312) 455657, +996 (551) 175218, кабыл алуу сааты: дүйшөмбү-жума 9:00 – 17:30 (түшкү тыныгуу 12:00 – 13:00) же төмөндөгү электрондук почта аркылуу: minigrants@gsi-projects.eu  

Долбоорлорду кабыл алуунун аяктоо мөөнөтү: 29.01.2018 Бишкек убактысы боюнча саат 17.00-гө чейин. Ишмердиктин башынан пландалган узактыгы 3-4 айды түзөт, жана долбоорду ишке ашыруу мезгилинин башталышы 01.03.2018-ж.

Гранттык өтүнмөнүн формасын, колдонмону жана башка маалыматтарды долбоордун сайтынан жүктөп алсаңыз болот: www.gsi-projects.eu/public-councils

Кененирээк малымат алуу үчүн, сураныч, кичи гранттык программасынын менеджери Бегайым Шаршееванын электрондук дарегине begayim.sharsheeva@gsi-projects.eu же +996 (551) 175 218 телефону аркылуу кайрылыңыздар.

Өнөктөш уюмдар жөнүндө:

Густав Штреземанн Институту (GSI) 1951-жылы улуттар аралык билим берүү жана европалык кызматташтык боюнча көз карандысыз институт катары негизделген. Институтта жыл сайын 2000ден ашык семинар, тренинг, конференциялар өткөрүлүп, аларга бүткүл дүйнөдөн келген 100 000 өкүл катышат.

Адам Укуктары боюнча Кеңеш (АУК) 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жана Жогорку соту жана Даниянын адам укуктары боюнча институту тарабынан Укуктун үстөмдүгүн жана калктын арасында адам укуктары жөнүндө маалыматтарды жайылтуу менен мамлекет менен жарандык коомдун ортосунда конструктивдүү диалогдун платформасын түзүү максатында негизделген.

Editorial Sections: