Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү

#EU4Democracy видео-конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо

13/12/2017 - 12:20
News stories

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү 8-декабрда #EU4Democracy медиа-кампаниясынын алкагында уюштурулган видео-роликтердин конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземин өткөрдү. Бул иш-чара Бишкек шаарында болду.

Конкурс 2017-жылы октябрь-ноябрда болгон. Катышуучулар эки курактык категорияларга – 17 жаштан кенже жана улууларга бөлүнгөн.  Алар төмөндө көрсөтүлгөн темалардын бири боюнча видео тартып жана  салып жиберүүгө тийиш болушкан:

1. Демократия деген эмне?

2. Мен үчүн демократия эмнени билдирет?

3. Мен өз өлкөдө демократияны илгерилетүү үчүн эмне жасай алам же жасап койдум?

4. ЕБ менин өлкөдө демократиялык принциптерди кантип илгерилетип жатат?

Өкүлчүлүк бүткүл өлкө боюнча 70 ашык видео-роликтерди кабыл алды. Жалпысынан алганда 10 ролик (ар бир категория боюнча бештен) тандап алынган, ал эми алардын авторлору сыйлыктар менен сыйланды. Бул иш-чара адам укугунун Дүйнөлүк күнүнө карата өткөрүлдү.

Бул аземдин фото-отчетун шилтемеден тапса болот. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси төмөндө келтирилди. Видео-роликти көрүү үчүн байге ээсинин аты-жөнүн басыңыз. Бир нече роликтерди ушул материалдын төмөн жагынан да табууга болот.

 

17 жаштан жогоркулар:

1. Саламат Шакиров

2. Азат Рузиев

3. Айбек Аскарбеков

Атайын сыйлык: Бегимай Аильчинова

Атайын сыйлык: Эрнест Айтиев

 

17 жаштан кенжелер:

1. Акылай Шаршеева

2. Бекмырза Ташбулатов

3. Бубусара Нуркамилова

Атайын сыйлык: Элиф Туралыева жана анын бир тууганы

Editorial Sections:

Author