Delegation of the European Union to the Kyrgyz Republic

БОМКА чек арачыларды аралыктан окутуу системасын киргизип жатат

Бишкек, 08/11/2017 - 08:01, UNIQUE ID: 171108_1
Press releases

БОМКА Программасы жаңы эффективдүү окутуу аспабын – аралыктан окутуу системасын киргизип жатат, ал чек арачыларды даярдоодо жана кайра даярдоодо колдонулушу мүмкүн. 3-ноябрда жабдуулар Куралдуу Күчтөрдүн Аскердик институтуна жана Мамлекеттик чек ара кызматына расмий өткөрүп берилди.

Жогорку сапаттагы аудио менен коштолгон видео байланыш жана видео сабактар студенттер менен окутуучуларды бири-бири менен реалдуу убакыт режиминде окутуучунун класста катышуусусуз эле байланышуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Система КР МЧК менен Куралдуу Күчтөрдүн Аскердик институтунун квалификацияны жогорулатуу Борборуна бири-бири менен өз ара аракеттенип жана чет өлкөлөрдөн видеолекцияларды кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.

Системага КР МЧК, Куралдуу Күчтөрдүн Аскердик институтунун квалификацияны жогорулатуу Борбору, Латвиянын Мамлекеттик чек араны кайтаруу Колледжи жана Рига техникалык институту кошулган.

Бүгүнкү күндө  Латвиянын Мамлекеттик чек араны кайтаруу Колледжинин окутуучулары тарабынан кыргыз курсанттары үчүн “Радиациялык жана ядролук коопсуздук” темасында  биринчи видео сабак болду.

Биринчи жолу БОМКАнын иш-чаралары 2003-жылы болгон, ошондон бери программа чек араларды башкарууга көмөк көрсөтүү жагында Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен өнөктөштүктү чыңдап келе жатат. 2003-2018-жылдардын мезгилинде Европа Бирдиги тарабынан  БОМКА Программасын жүзөгө ашырууга 40,8 миллион евро, анын ичинен дээрлик 5 миллион евро 9-фазаны (2015-2018-жж) ишке ашырууга бөлүнгөн.

 

Editorial Sections: