Delegation of the European Union to the Kyrgyz Republic

Европа Биримдигинин соода стандарттарын ишке ашырууну көмөк көрсөтүү учүн техникалык миссиянын Бишкекке келиши

Бишкек, 26/09/2017 - 06:02, UNIQUE ID: 170926_2
Press releases

Бишкекке төрт кишиден турган Европа Биримдигинин өкул өлкөлөрүнөн соода-сатык боюнча эксперттердин группасы келди. Алардын максаты – 27-29 сентябрда ЕБнин импорт жана экпорт стандарттары боюнча семинар өткөзүү.

Семинар тиешелүү министерстволордун, ведомстволордун жана башка мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрү үчүн уюшулган.

ЕБнин эксперттери ЕБдеги экспорт жана импорт, бажы процедуралары, чек арадагы тиешелүү ЕБнин эрежелери боюнча ветеринардык жана санитардык контролу,  Кыргызстандан ЕБне экпортко кеткен товарларга болгон талаптары, тамак азыктарын маркалоо жана уруксат алуу боюнча мыйзамдарын талкулоого көӊүл бурушат.

Миссия жана өткөрүлгөн семинар Европа Биримдигинин техникалык көмөк көрсөтүү жана информация алмашуу инструменти тарабынан каржыланып, Экономика министрлиги, Айыл-чарба министрилиги жана ЕБ өкүлчүлүгүнүн өнөктөшү алкагында ишке ашырылууда.

 

 

Editorial Sections: