Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү

Борбор Азиядагы айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү: тез чара көрүү үчүн кайрылуу

25/09/2017 - 07:10
News stories

Борбор Азиядагы уран кенин каызып алуу мурасы эл аралык коомчулук тарабынан тез арада жана макулдашылган иш-чараны көрүүнү талап кылат. Бул билдирүү ЕБ жана ЕРӨБ тарабынан Нью-Йоркто өткөрүлгөн БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 72-отурумунун атайын иш-чарасында 20-сентябрда 2017-жылы жасалды. Жолугушууну Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Питер Буриан жетектеди. Айлана-чөйрөнү коргоо жана калыбына келтирүү боюнча демилге Борбордук Азияга карата ЕБ стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.

Жогорку даражалуу иш-чара экологиялык маселе чечүү маселесин кайрадан көтөрүп, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин негизги кайрылуусу, ЕБ  өкүлү Эстониялык Тышкы иштер министринин, Казакстандын Тышкы иштер министринин жана Тажикстандын Тышкы иштер министринин, ошондой эле Өзбекстандын жогорку даражалуу өкүлүнүн айтылган сөздөрү менен коштолду.  

Ар кандай эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (ЕРӨБ; МАГАТЭ; БУУӨП) аймактагы көйгөйлөрдү чечүүнү улантуу үчүн мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Иш-аракетке болгон муктаждык калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө ар кандай багыттагы терс таасирининен келип чыккан, өзгөчө Өзбекстандын чыгышында жайылган Фергана өрөөнүндө жашаган 14 миллион адамга, Кыргыз Республикасынын түштүгү жана түндүк Тажикстанга тийгизген таасири кеӊири.

ЕБ жети тандалган аймактарда техникалык-экономикалык изилдөө жана экологиялык таасирди баалоону каржылады. Алынган маалымат кийинки баскычка киришүүгө, башкача айтканда, калыбына келтирүү иштерин баштоого бекем негиз берет. Иш-аракет БУУнун 2013-декабрында кабыл алынган 68/218 токтомун көздөп, эл аралык коомчулукту Борбордук Азия өлкөлөрүнө жардам берүү үчүн "мурас сайттарды калыбына келтирүү менен бирге, саламаттыкка, айлана-чөйрөгө, туруктуулукка жана коопсуздукка болгон  коркунучту жоюуга" чакырат.

Буга байланыштуу, Борбордук Азиядагы EUSR мындай деген: «ЕБ тарабынан каржыланган иш Борбор Азиянын элдери менен тилектеш. Буга окшош тажрыйбасынын негизинде мыкты жолдорун табуу үчүн  региондогу өлкөлөргө Европадан эксперттерди алып келдик. Жумуш коомдук-экономикалык жактан жана айлана-чөйрөгө болгон терс таасирин чектөө менен б.а. кызыкдар өлкөлөр тарабынан туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга өбөлгө түзөт».

Үч өлкө – Кыргыз Республикасы, Тажикистан жана Өзбөкстан 2015-жылы Европа Биримдигинин демилгеси менен Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынын тарабынан уюштурулган Борбордук Азиядагы айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүнүн максаттуу эсебинин (ERA)  түбүндө. Фонд эл аралык донорлордон түшкөн каражатты башкарып, уран калдыктары жаратылышка жана адам баласына алып келген көйгөйлөрдү чечүү үчүн сарптайт.

Радиоактивдүү булганган материалдар ири өлчөмдөгү калдыктары көмүлгөн жерлерге жана калдык сактоочу жайларга топтоштурулган. Көпчүлүк кендер чыгаруучу жайлар 1995-жылы жабылып, бирок айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү иштери өтө аз өлчөмдө жасалган.

Бул ERA эсеби Кыргыз Республикасындагы, Тажикистандагы жана Өзбөкстандагы жети маанилүү сайтка көӊүл бурат. Программанын баасы 85 млн евро, бүгүнкү күндө фонд 16 миллион евро Европа Биримдигинен кабыл алды.  Эӊ көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн дагы 70 миллион евро керектелет. Жетпеген каражаттарды топтоо үчүн 2018-жылы эл аралык конференция өткөрүлөт, азыркы учурда ага даярдык жүрүп жатат.

Дагы бир маанилүү кадам 2017-жылдын 18-сентябрында жасалды, Кыргыз Республикасындагы, Тажикистандагы жана Өзбөкстандагы артыкчылык сайттардын экологиялык калыбына келтирүү боюнча деталдуу планы камтыган Стратегиялык мастер-планына кол коюлганда.  План макулдашылган, мөөнөтү белгиленген жана натыйжалуу иш-аракетинин толук программаны камтыйт. Бул программа Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) эксперттер тобу тарабынан иштелип чыккан.

Бардык бул иш жабыр тарткан аймактарда шашылыш муктаждыктарды чечүүгө үчүн эл аралык донорлор тарабынан андан ары каржылоо чечимдерди кабыл алуу үчүн бекем негиз берет. Ошол эле учурда жолугушуу  ошондой эле 2013-жылы кабыл алынган БУУнун Генералдык Ассамблеясынын токтомун азыркы учурга жараша тактоого чакырды. Бул маселе мындан ары тийиштүү өнөктөштөр менен талкууланат.

Editorial Sections: