Delegation of the European Union to the Kyrgyz Republic

ЕБ техникалык миссиясы ПЖТ+ жөнүндө Бишкекте семинар өткөзүп жатат

Бишкек, 05/09/2017 - 05:49, UNIQUE ID: 170905_21
Press releases

Соода сатуу боюнча Латвиядан келген 3 эксперт 4-сентябрдан 9-сентябрга чейин Бишкекте Европа Биримдигинин импорт жана экспорт стандарттары боюнча Бишкекте семинар өткөзүүдө.

Семинар Кыргызстандагы ылайыктуу профилдик мамлекеттик кызматтардын, министирликтердин жана агентстволордун кызматкерлерине багытталган.

Семинар ПЖТ+ нын талаптарына, Европа Биримдигинин импорт жана экспорт стандарттарына, жергиликтүү өндүрүмдүн сапатын баалоого жана лабораториялардын эл аралык стандарттардына, ошондой эле Эл аралык лабораториялардын аккредитация жаатындагы кызматташтык уюмунун (ILAC) колдонмолоруна  басым жасайт.

Техникалык миссия жана семинар Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, техникалык жардам жана маалымат алмашуу Инструменти алкагында (TAIEX) Экономика Министрлиги жана Айыл чарба министрилиги менен кызматташтыкта уюштурулган. Андан сырткары, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бул иш-аракетти колдоодо.

ПЖТ+ экинчи техникалык миссиясы Кыргызстанга 2017-жылдын сентябрь айынын аягында келет.  

Խմբագրական բաժիններ: