Европа Биримдигинин колдоосу менен ЮНИСЕФтин программасы аткарган иштердин жыйынтыгы боюнча жер титирөөлөр, сел жана көчкү жүрүү коркунучу жогору болгон Борбор Азия жана Түштүк Кавказдын сегиз өлкөсүндө жашаган 1 миллион адам, анын ичинде 700 000 бала түрдүү табият кырсыктарына жакшы даярдана алышты.
Европа Биримдиги салым түрүндө ЮНИСЕФтин Кырсыктар тобокелдигин азайтуу боюнча программасына (КТА) 7 млн АКШ долларын бөлгөн. Бул каражат Армения, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын улуттук билим берүүнүн системаларына кырсык тобокелдиктерин азайтуу боюнча программаларды интеграциялоого көмөктөшүүгө багытталган.
Балдарга багытталган он жылдык программа бир нече маанилүү жыйынтыктарга жетүү менен кийинки айда соңуна чыгат. Анын ичинде:
«Чукул кырдаалдар жаралган учурда өзгөчө балдар башкаларга салыштырмалуу кооптуу абалда калышат. ЕБнын, Борбор Азия жана Түштүк Кавказдагы өлкөлөрдүн бийлигинин колдоосу менен балага багытталган өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатуу планы иштелип чыкты. Мындай мамиле жаратылыш кырсыктары болгон учурда балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүн өмүрүн сактап калат», - деп айтты ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Афшан Хан. «Биз өкмөттөрдү бул иштерди улантууга жана мындан ары да өзгөчө аярлуу жамааттар менен үй-бүлөлөрдү көбүрөөк тартууга үндөйбүз».
«Чукул кырдаалдар жана жаратылыш кырсыктары балдарга жана алардын үй-бүлөсүнө олуттуу таасир тийгизерин четке кагууга болбойт. Борбор Азия жана Түштүк Кавказдагы улуттук билим берүү системаларына кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча программаларды интеграциялоону колдоо менен, ЕБ мындай кырдаалдарга жакшыраак даярданууга жардам берүүдө. Бул иштер алардын келечекте ар кандай кырсыктарга туруктуулугун арттырат», - деп айтты Гуманитардык жардам боюнча Европа бюросунун (ECHO) регионалдык директору Андрулла Каминара.
Борбор Азия жана Түштүк Кавказ региондорунда дүйнөдөгү жер титирөө тобокелдиги жогору болгон өлкөлөр бар. Акыркы жылдары климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу селдер жана жер көчкүлөрү көп болууда.
ЮНИСЕФтин программасын жыйынтыктап жатып, ЕБ жана улуттук өнөктөштөр Кыргызстанда жолугушат. Алар негизги жетишкендиктерди жана учурдагы кыйынчылыктарды карап чыгып, бардык аймакта табият кырсыктарына даярдыкты жогорулатуу боюнча чараларды мындан ары күчөтүү жолдорун макулдашат.