Delegation of the European Union to the Kyrgyz Republic

Ар бир бала үй-бүлөдө жашоосу керек

Бишкек, 01/06/2017 - 05:59, UNIQUE ID: 170601_14
Press releases

31-майда, Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн алдында вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова менен Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн саясат, басма сөз жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Яап Ора Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө жана Бишкектеги Бала үйүндө биргелешкен иш сапарында болушту.

Сапардын максаты – жетим балдардын жана ата-эненин камкордугунан ажыраган балдардын көйгөйлөрүнө көңүл буруп, ар бир баланын үй-бүлөнүн кучагында жашап жана тарбияланууга карата укугун камсыз кылуу зарылчылыгы жөнүндө айтып берүү эле.

Бүгүнкү күндө, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин малыматына ылайык, 8,8 миңден ашуун бала интернат түрүндөгү мекемелерде: ымыркайлар үйүндө, балдар үйүндө мектеп-интернаттарында багылууда. Персоналдын жасаган бардык күч-аракеттерине карабай, мындай мекемелерде балага үй-бүлөдөгүдөй камкордук жана мээрим жетишпейт. Андыктан, журналисттерге жасаган өз кайрылуусунда Яап Ора ЕБдин социалдык тармактагы техникалык колдоосунун милдети болуп интернаттык түрдө тарбиялоодон көз карандылыкты кыскартып, балдарды асырап алуу институтун (фостердик институт) өнүктүрүүдө мамлекетке жардам берүү болуп эсептелет.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын январь айынан тартып, ЕБ калкты социалдык коргоо жана балдарды коргоо жаатында түзүмдүк реформаларды колдоо үчүн техникалык көмөк көрсөтүү долбоорун ишке ашыра баштаган. Ошондой эле долбоор 2015-2017-жылдарда Кыргызстандын бюджетине ЕБ тарабынан 30 миллион евро көлөмүндө каржылык жардам көрсөтүү каралган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Европа Биримдигинин ортосундагы каржылык келишимдин шарттарын аткарууда көмөк кылат.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова интернаттык тутумду реформалоонун артында, биринчи кезекте, баланы көрүш керектигин айтты. Үй-бүлөгө асыранды баланы алуу — бул баланын өмүрүн өзгөртүү экендигин баса белгиледи. Андыктан ар бир жаран өз салымын кошуп, балдарга жардам бере алат. Мамлекет болсо асыранды балдарды каржылык камсыздоого жоопкерчиликти өзүнө алмакчы деп белгиледи вице-премьер-министр.

 

რედაქტორის ნაწილი: