Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү

Европа Биримдиги Жалал-Абад облусунда жаңы заводдун ачылышына колдоо көрсөттү

Ала-Бука, 16/03/2017 - 22:37, UNIQUE ID: 170316_11
Press releases

2017-жылдын 9-февралында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында тамчылатып сугаруу үчүн пластикалык түтүкчөлөрдү өндүрүү боюнча заводдун расмий ачылышы болуп өттү.

Европа Биримдигинин каржылык колдоосунда ишке ашырылып жаткан “ДЕМИЛГЕ: Кирешелерди алуунун инновациялык аспаптары жана айыл тургундарынын жумуштуулугун жогорулатууга комплекстүү мамиле кылуулар” долбоорунун алкагында уюштурулган.

Долбоор жергиликтүү шериктештер жана өкмөттүк эмес уюмдар менен шериктештикте Eco-Himal австриялык уюму тарабынан ишке ашырылып жатат.
 
Ачуу аземине 60ка жакын мейман катышты, алар заводдун негизги өндүрүштүк линиялары (экинчилик чийки затты кайта иштетүү, гранулаларды жана пластикалык түтүкчөлөрдү өндүрүү) менен таанышты.
 
Долбоордун эксперттеринин айтуусу боюнча заводдун ачылышы региондун экономикалык жана экологиялык өнүгүүсүнө салым кошот, тактап айтканда:
 
• калктын аярлуу тобунун 12 аялы жана эркеги заводдо туруктуу жумуш менен камсыз болушту;

• жергиликтүү фермерлер үчүн тамчылатып сугаруу үчүн чыгымдоо материалдарынын наркынын азайышы (болжолдонуучу баа Бишкектин рынокторундагыдан 40 пайызга төмөн жана Ала-Бука районунун рынокторундагы ошондой эле өндүрүмдөн 70 пайызга арзан);

• сугаруу үчүн түтүкчөлөр негизинен пластикалык калдыктардан өндүрүлөт. Жергиликтүү тургундар пластикалык калдыктарды чогултуп жана аларды заводго өткөрүп, киреше ала алышат, бул айлана чөйрөнүн булгануусунун азаюусуна алып келет.
 
Завод үчүн жабдуу Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн. Завод пластикалык түтүкчөлөрдү Ала-Бука районуна гана эмес, коңшу Чаткал жана Аксы райондоруна да жеткирет.
 
Иш-чарага райондун акими, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, айыл кеңештеринин мүчөлөрү, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана райондун аксакалдары катышты.

 

Editorial Sections: