Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы долбоорлор

12/05/2016 - 11:50
Cooperation

Кыргыз Республикасындагы Европа Комиссиясынын башкаруу жана билим берүү, суу жана энергетикалык ресурстар, адам укуктары жана коопсуздук чөйрөсүндөгү долборлору.

Европа Комиссиясынын Кыргызстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен кызматташуусу учурдагы абалды жана ар бир өлкөнүн керектөөлөрүн эске алган Регионалдык кызматташуу боюнча узак мөөнөттүү стратегияга негизделген. 2007-2013-жылдарга карата түзүлгөн Борбор Азияга Көмөк көрсөтүү боюнча Регионалдык Стратегияга ылайык, ар бир өлкөдөгү регионалдык программаларга жана долбоорлорго 719 миллион евро өлчөмдөдү инвестиция каралган.

Кыргыз Республикасында Европа Биримдигинин ишмердүүлүгү социалдык жана экономикалык өнүгүүгө, ошондой эле, мамлекеттик жана административдик реформаларды колдоого багытталган. Ал эми регионалдык программалардын алкагында энергетика жана транспорт, айлана-чөйрөнү коргоо, билим берүү, коопсуздук жана туруктуулукка артыкчылык берилген.

1991-жылдан тартып ЕБ  Кыргызстанга түз колдоо көрсөтүү катары 130 миллиондон ашуун евро суммага 500дөн ашуун долбоорду каржылады. 2011-2013-жылдары жылына орто эсеп менен 17 миллион евро суммасында жардам берүү каралган. Бул каражат биргелешип артыкчылыктуу деп аныкталган  үч секторго багытталат, алар - социалдык коргоо, билим берүү жана таза башкаруу.

Мындан тышкары, Европа Комиссиясы мекемелер менен байланыш түзүүгө жана мекемелердин өз ара байланышын түзүүгө көмөктөшөт. Алардын өнүгүшү экономикалык, социалдык жана интеллектуалдык жактан өсүп жаткан демократиялык коом (илимий-изилдөө институттары, университеттер, жеке сектор жана жарандык коом) үчүн абдан маанилүү. «Өнүктүрүү ишмердүүлүгүндөгү мамлекеттик эмес түзүмдөр», Демократия жана Адам Укуктары боюнча Европа Аспабы жана башка «Адамдарга инвестиция салуу», «Айлана-чөйрө» сыяктуу тематикалык айрым программалардын алкагында европалык өкмөттүк эмес уюмдар Кыргызстандагы өнөктөштөрү менен жашоо шарттарын жакшыртуу жана демократияны, адам укуктарын коргоо маселелери боюнча жардам берүү үчүн биригишкен.

Туруктуулук Аспабынын алкагында 2008-жылы ишке ашып баштаган алгачкы долбоору менен Европа Комиссиясы жаӊжалдарды алдын алуу, кризистик башкаруу жана тынчтыкты бекемдөө жаатында өзүнүн ишин бир топ күчөткөн.

Акыркы долбоорлор

Борбордук Азияда уран калдыктарынын маселелерин чечүү барган сайын актуалдуу маселе болуп бара жатат. Жергиликтүү деңгээлде гана эмес, ошондой эле транс чек аралык дарыларда булгануудан коргоо үчүн радиоактивдүү жана уулуу калдыктардын чыгышын болтурбоо максатында кошумча чараларды кабыл алуу зарыл.

Ошону менен Фергана өрөөнү коргоого алынат. Борбордук Азиядагы бул өрөөн региондун экономикасын өнүктүрүү  үчүн зор мааниге ээ. Бул көйгөйдүн баяндамасы менен төмөнкү видеододон таанышууга болот

ЕБ башкарган, Борбордук Азиядагы жети артыкчылыктуу объекттердеги көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган программа  эң маанилүү этабында турат.

Төмөнкүдөй ар кандай кадамдарды жасоо зарыл:

  • Атом энергетикасы боюнча Эл аралык агенттик (МАГАТЭ) жетекчилиги астында даярдалган уран калдыктарынын объекттери үчүн стратегиялык мастер-план өнөктөш-өлкөлөр тарабынан  бекитилген жана жакында жарыяланды. Жүктөө үчүн: (төмөнкү шилтемени караңыз)
  • Борбордук Азияда экологиялык реабилитациялоо боюнча ЕБ башкарган эл аралык программанын алкагында жети белгилүү артыкчылыктуу объекттерде бүткүл даярдык иштери аяктаган жана же дээлик аяктап калды. Кеңири маалымат маалыматтык баракчада, китепчеде жана баяндама картада камтылган (төмөнкү шилтемени караңыз).   
  • Көйгөйдү чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча эл аралык колдоо чакырыгы менен ООНдун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын долбоору техника жактан даярдалган жана Нью-Йоркто ООНдун системасында талкуулоого даяр.
  • 2018-жылы 27-сентябрда Нью-Йорк шаарында ООНдун Башкы Ассамблеясынын алдыдагы жыйналышынын талаасында кошумча эл аралык колдоого карата прогрессти жана чакырыкты сыпаттоо менен удаалаш иш-чаралар болот.
  • Маалымдарлыкты андан ары жогорулатуу, жетишилген прогрессти жана финансылык жардамга болгон суроо-талапты сунуш кылуу үчүн бир катар потенциалдуу донорлорго карара кайрылуу жүрүп жатат.

Баяндалгандарды эске алуу менен 2018-жылы 8-ноябрда ЕРӨБ офисинде Лондондо донорлордун конференциясы болот.  Банк Борбордук Азияда курчап турган чөйрөнү калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду финансылоо үчүн атайын түзүлгөн курчап турган чөйрөнү калыбына келтирүү боюнча Эсеп (ERA) үчүн жооп берет. Кошумча  маалымат алуу үчүн караңы: https://www.ebrd.com/news/2017/progress-with-environmental-remediation-of-uranium-legacy-in-central-asia.html

Донорлордун конференциясынын максаты Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы жети артыкчылыктуу объекттердеги иштерди финансылоо үчүн 70 млн евро өлчөмүндө кошумча каражаттарды тартуу болуп саналат.

Жалпысынан, ЕБ башкарган экологиялык калыбына келтирүү боюнча региондук программа Борбордук Азиянын калкынын жыргалчылыгы үчүн ар башка максаттарды көздөйт.

Программанын максаттары төмөнкүдөй:

  • Адамдын ден соолугун жакшыртуу;
  • Курчап турган чөйрөнүн сапатын жакшыртуу;
  • Жергиликтүү деңгээлде иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү максатында экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү;
  • Региондук кызматташтыкка көмөк көрсөтүү;%
  • Региондо тынчтык жана туруктуулукту колдоо.

Бул иштер ООНдун туруктуу өнүктүрүү максаттарын (ТӨМ) жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт.

2013-жылы ООН региондо чечимдерди иштеп чыгуу максатында эл аралык шериктештик тарабынан финансылык колдоо көрсөтүүнү сунуш кылган.

Калыбына келтирүүнүн майда-барат пландары ЕБ жана башка региондордо ушундай эле объекттер үчүн колдонулган алдыңкы практикага негизделген. Пландар көз карандысыз каралган жана жактырылган. Колдонулган ыкмалар кеңири белгилүү жана текшерилген.

Маалымат иретинде

ЕБдин күч-аракеттери Борбордук Азияда курчап турган чөйрөнү калыбына келтирүү боюнча эл аралык программанын бир бөлүгү болуп саналат. Бул күч-аракеттер мурдагы уран калдыктарынын радиоактивдүү жана булганган объекттерин калыбына келтирүүгө багытталган. Пландар ал объекттерге жакын жашаган адамдар туш болуп жаткан  курчап турган чөйрө жана калктын ден соолугу үчүн тобокелдиктерди азайтууга, ошондой эле булгануунун транс чек аралык таасирин жеңилдетүүгө багытталган.     

Борбордук Азияда курчап турган чөйрөнү калыбына келтирүү боюнча ЕБдин күч-аракеттери ЕБ менен Борбордук Азиянын жалпы стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы стратегия даярдалып

курчап турган чөйрөгө таасир тийгизүүгө кылдат баа берүү жана ТЭН  уран калдыктарынын төмөнкү жети артыкчылыктуу объекттерине багытталган:

 - Кыргыз Республикасында  Миң-Куш, Шекафтар жана Майлуу-Суу;

-  Тажикстанда  Дегмай жана Истикло;

- Өзбекстанда Чаркесар жана Янгиабад.

ЕБ донорлордун шериктештигинде, ошондой эле жергиликтүү калктын реабилитациялоо пландал жогорулатуу үчүн  Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү Программа (ПРООН) жана Европада коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ЕККУ) менен бирдикте программаны финансылаган.

Тийиштүү өлкөлөр ЕРӨБ менен макулдашууларга кол койду, ал ЕРӨБ эрежелеринин жана жол-жоболорунун негизинде долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн негиз салат.   Биринчи этапта Кыргыз Республикасында жана Өзбекстанда  долбоорлорду башкаруу боюнча топ (ДБТ) түзүлөт.

Кыйла кеңири маалымат алуу үчүн төмөнкүлөргө кайрылыңыздар:

- Мартин Андерсенге, программанын улук менеджери, Европа Комиссиясы, Брюссель: martin.andersen@ec.europa.eu

Кеңири маалымат жана  мультимедиялык материалдар төмөнкү шилтемелерде жеткиликтүү:

Борбордук Азияда экологиялык реабилитациялоо боюнча англис жана орус тилдеринде китепче

Борбордук Азияда уран калдыктарынын объекттерин экологиялык  реабилитациялоо боюнча стратегия мастер-план: https://nucleus.iaea.org/sites/connect/CGULSpublic/Pages/default.aspx

Бул картага веб-баракчанын мазмунун кошкула:

Editorial Sections: