Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү

12/05/2016 - 11:50
About us - structure and organisation

ЕБ жана Кыргыз Республикасы өлкө 1991-жылы көз карандысыздыкка ээ болгондон бери өнөктөш болуп келишүүдө.

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү өз алдына бир катар маанилүү максаттары койду, анын ичинде:

  • Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасында келтирип көрсөтүү;
  • саясий, экономикалык, соода жана тышкы жардам боюнча кызматташууну бекемдөө ;
  • бардык чөйрөдө Европа Биримдигинин саясатын ишке ашыруу;
  • Европа Биримдигинин баалуулуктарын алдыга жылдыруу жана кызыкчылыктарын коргоо;
  • өлкө боюнча Европа Биримдиги тууралуу маалымдоо.

 

Урматтуу дос,

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн сайтына  кош келиңиз! Биздин Өкүлчүлүк Кыргызстанда расмий түрдө ЕБнин кызыкчылыгын көздөп, өлкөнүн жетекчилиги жана коомчулугу менен болгон диалогдо жигердүү иш алып барат.

Бул жерден сиз ЕБ, анын Кыргыз Республикасы менен болгон катнашы жөнүндө жалпы маалымат алып, ошондой эле биздин Өкүлчүлүктүн иши менен жакындан таанышасыз. Сайтта тендерлер, (Erasmus + программасы) боюнча Европада окуу стипендиясы жана каржылоо мүмкунчүлүктөрү жөнүндө маалымат илинген.

ЕБ жана Кыргызстан 1991 жылы Кыргызстанда эгемендүулүк орногондо алака түзгөн. Бул мамиленин тузүлүүсүнүн алгачкы кадамдарында эле ЕБ Кыргызстанга реформа жүргүзүүдө колдоо көрсөткөн. Демократия, адам укугун коргоо, эркин соода жана ушу сыяктуу  жалпы баалуулуктарды колдоо менен бирге, Кыргызстан Борбор Азиядагы ЕБнин маанилүү өнөктөшү болуп калды.

Жыл өткөн сайын ЕБ саясий диалог, адам укугу жана укук үстөмдүгү, соода жана экономикалык өнүгүү, жарандык коомду бекемдөө, ошондой эле маданият, коомдук дипломатия сыяктуу тармактарда Кыргызстан менен кызматташтыгын кеңейтти. ЕБ 2014-2020 жж. аралыгында укук үстөмдүгү, эл агартуу жана айыл аймактарын топтомдуу өнүктүрүү боюнча эки тараптуу программаларды каржылоого 174 млн € каражат бөлүп берди. ЕБ ошондой эле Борбор Азия үчүн инвестициялык механизм аркылуу Кыргызстанга инвестицияны тартууга көмөктөшөт. Кыргызстан суу менен камсыздоо, таштанды, энергонатыйжалуулук, МСП өнүктүрүү боюнча Борбор Азияда ЕБнин ири колдонуучусу болуп эсептелет. Бул темалар боюнча кененирээк маалыматты биздин сайттан табасыз. 

Ошондой эле ЕБ билим берүү, чек араларды башкаруу, баңги заттарына каршы күрөш, айлана-чөйрөнү  коргоо боюнча бир нече тармактарда аймактык долбоорлорду ишке ашырып, Кыргыз Республикасы жана анын Борбор Азиядагы коңшуларын колдойт. ЕБнин өлкөдөгү ар түрдүү эки тараптуу жана аймактык долбоорлору мүчө-мамлекеттер менен ЕБнин ЕИБ жана ЕРӨБ сыяктуу каржылоо мекемелери тарабынан багытталат.

Биздин мамилелердин өөрчүү мамилесин таануу менен бирге, ЕБ жана Кыргызстан тереңдетилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишимдерди түзүү үчүн дымактуу максатка киришти.

Мен 2018 жылдын сентябрь айынан Кыргызстанда өз ишимди баштап жатып, биздин ишенимдүу жана улуу мамилелерибизди мындан ары да өөрчүтүүгө аракет жасайм. Мен ошондой эле илгертен бери Улуу Жибек Жолунун маанилүү бөлүгү болуп, Азия менен Европаны бириктирип турган Кыргызстандын эли, тарыхы, маданий мурасы жөнүндө көбүрөөк билүүгө максат коем. Бул өлкө жана анын эли зор мүмкунчүлүктөргө ээ экенине ишенем. Азыркы кызматымда ал мүмкунчулүктөрүн андан ары өөрчүтүүгө бардык аракетимди жумшайм.      

ЕБнин Кыргызстан менен болгон мамилеси менен таанышуу үчүн биздин сайтка үзгүлтүксүз каттап турууга чакырам. Суроолоруңуз же комментарийлериңиз  болсо эч тартынбай бизге кайрылууңузду суранам. Биздин сайтка катталуудан тышкары жаңылыктар жана иш-чаралар жөнүндө акыркы маалыматтар илинген Facebook жана Twitter социалдык тармактардагы баракчаларга жазылыңыз.

Бизге болгон кызыгуу жана сайтка киргениңиз үчүн алкыш айтам.

Терең урматтоом менен,

Эдуард Ауэр,

Элчи, Кыргыз Республасындагы ЕБнин Өкүлчүлүгүнүн Башчысы

Саясат, пресса жана маалымат бөлүмдүн башчысы

Раймондс ВИНГРИС

Кызматташтык боюнча бөлүмдүн башчысы

Шарлотт АДРИЭН

Каржы жана контракттар боюнча бөлүмдүн башчысы

Рукиё КОМУРЧУ

Администрациянын башчысы

Даниэль БОЭЛЕН

Өкүлчүлүк башчысынын ассистенти

Хазель МУМУН

Editorial Sections: