Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү

Европа Биримдигинин «Жаш табышкер» долбоору башталды

04/10/2021 - 18:39
News stories

Европа Биримдигинин демократияны өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо программасынын колдоосу менен Enactus Кыргызстан “Жаш табышкер” долбоорун ишке киргизип баштады. Долбоордун максаты чыгармачыл стартаптарды колдоо жана практикалык өнөрлөрдү өнүктүрүү аркылуу жаштардын жана аялдардын ишкерлик сапаттарын өнүктүрүү жана жумушка орношуусуна көмөктөшүү болуп саналат.

Funding opportunities civil society

Долбоордун алкагында Кыргызстандын бардык аймактарынын студенттери жана ишкерлери өзүлөрүнүн айыл чарбага байланышкан стартаптарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышат жана аймактык университеттеринин алкагында АгроХабдар (ресурстук борборлор) түптөлөт.

АгроХабдар жаштар үчүн билим жана тажыйрба алуучу жана өзүлөрүнүн ишкерлик өнөрлөрүн өстүрүүчү аянтча болуп калат. Хабдар айыл чарбасына байланыштуу ишкерликте керек болуучу бардык шаймандар жана техникалык каражаттар менен жабдыланат жана анын алкагында жаштар үчүн ар түрдүү тренингдер жана талкуулар жүргүзүлүп турат.

Долбоордун алкагында хабдардын ичинде 50 стартап иштелип чыгуусу жана анын ичинен 15 стартап ар бири 3000 евро өлчөмүндө каржылануусу күтүлүүдө. Ошондой эле, жергиликтүү жаштар уюмдары тарабынан алдыңкы 5 жаштар демилгелери 6000 евро колдоо алышат. Андан сырткары элеттик аялдарды колдоого багытталган иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулат. Долбоордун ишмердүүлүгүнө жогорку укуу жайларын, аймактык бей өкмөт уюмдарын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын тартуу пландалууда. 

Долбоор Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен “Энактас Кыргызстан” коомдук уюму тарабынан аткарылууда.Долбоордун мөөнөтү 30 ай.

Editorial Sections:

Author