Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү

Орто Азиядагы уран калдыктары: олуттуу прогресс бар, бирок каржылоо дефицити да калууда

Вена, 21/09/2021 - 16:58, UNIQUE ID: 210921_16
Press releases

Венада 21-сентябрда өткөн Башкы конференцияда Атомдук Энергия боюнча Эл аралык Агенттик (МАГАТЭ) жарыялаган чыгымдардын жаңы сметасына ылайык, Борбор Азиядагы радиоактивдүү жана уулуу калдыктар себеп болгон коркунучту жоюу боюнча шашылыш иштерди каржылоо үчүн 40 миллион евролук дефицитти жоюу керек.

Европа Биримдигинин (ЕБ) жетекчилиги астында эл аралык коомчулук 2015-жылы Совет мезгилинде уран өндүрүүнүн калдыктары жараткан аймактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн Счет Борбор Азиянын экологиясын калыбына келтирүү эсебин (ЭККЭ) ачты. Европа реконструкция жана Өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жетекчилиги астында ЭККЭ Кыргыз Республикасындагы эки маанилүү участокто иштеп, олуттуу ийгиликтерге жетише алды. Обьектилерде жумуш графиктен мурда аяктоого жакын жана бюджеттин чегинен ашкан жок.

 

 

Бирок, азыркы учурда аймакта калыбына келтирүүгө муктаж болгон дагы беш объект бар. Эмки жылы Кыргыз Республикасында жаңы жана Өзбекстанда биринчи объектте иштердин башталышы пландаштырылган, бирок программаны аяктоо жана Борбор Азиянын калкы жана айлана-чөйрөсүнө болгон тобокелдиктерди азайтуу үчүн дагы бир топ каражат керек.

Аракетти баштоого чакырык

Бүгүн МАГАТЭнин Башкы конференциясында, бардык түздөн-түз процесске катышкан тараптар жаңыртылган стратегиялык башкы планга (СБП) кол коюп, өз милдеттенмелерин ырастагандан кийин, донорлор эң курч маселелерди чечүү үчүн кошумча каржылоо бөлүүгө чакырылды.

Иш-чара учурунда, Еврокомиссиянын Эл аралык өнөктөштүк боюнча Башкы Директорлугунун башкы директорунун орун басары Маржета Ягер айым мыкты кызматташууга жана жетишилген ийгиликтерге канааттангандыгын билдирди: “Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу Өнүгүү Максаттарына ылайык, Евробиримдиктин кийлигишүүсүнүн негизги максаты планетанын деградациясынын алдын алып, азыркы жана келечек муундар үчүн сактап калуу болуп саналат. Мурда уранды казуу жана өндүрүүдөн калган терс таасирлерди болтурбоо үчүн бирдиктүү аракет жумшалышы керек".

Балтазар Линдауэр мырза, ЕРӨБдүн Атомдук Коопсуздук Департаментинин директору, планды кайра карап чыгууну колдоду. "Борбордук Азиядагы уран калдыктары бар жерлерди калыбына келтирүү боюнча жаңыланган координацияланган мамиле ЕРӨБгө натыйжалуу ишин улантууга жана коопсуз жана туруктуу каржылоо чечимдерин камсыз кылууга мүмкүндүк берет", - деп өз пикирин түшүндүрдү. "Жасалган кадамдар башка донорлорго ЕРӨБдүн ЭККЭ эсебине кошулууга мүмкүнчүлүк бериши керек".

Көйгөй

Борбордук Азия Советтер Союзу убагында маанилүү уран булагы болуп келген. Бул объекттердин көбү калк жыш отурукташкан Фергана өрөөнү аркылуу аккан Сырдарыя дарыясынын куймаларынын боюнда жайгашкан. Бул өрөөн - Кыргыз Республикасы, Тажикстан жана Өзбекстан жайгашкан, аймактын айыл-чарбалык жүрөгү.

Бүгүнкү күндө кароосуз калган тоо-кен иштетүүчү ишканалар айлана-чөйрөгө жана жергиликтүү калктын ден соолугуна коркунуч келтирип, экономикалык өнүгүүгө тоскоол болууда. Радиоактивдүү заттардын жана оор металлдардын чекараны кескен дарыя системасына кирип, экологиялык кырсыкка алып келүүсү толук ыктымал.

Көйгөйдү чечүү:

ЭККЭ Фонду ЕБнын демилгеси менен 2015-жылы түзүлгөн жана өз ишин 2016-жылы баштаган. ЕРӨБ, банктын өз региондорунда атомдук долбоорлордун иштен чыгарылышын көзөмөлдөө тажрыйбасына таянып, фонддун жетектөөчүсүнүн кызматын аткарууга милдеттендирилген. ЕБ долбоордун эң чоң донору болуп саналат жана азыр ЭККЭ Бельгиядан, Литвадан, Норвегиядан, Испаниядан, Швейцариядан жана Америка Кошмо Штаттарынан салымдарды кабыл алды.

Фонддун ишинин натыйжасында приоритеттүү объекттердин аймактарында зыяндуу таштандылар жана эскирген конструкциялар алынып, олуттуу өзгөрүлдү. Шахталар жабылып, уулуу материалдар коопсуз сакталып жаңы суу системалары орнотулду.

Стратегиялык башкы план

Жаңыртылган СБП Борбордук Азиядагы уран калдыктар көйгөйүн толугу менен чечүү үчүн кайра каралып чыккан иш алкактарын түзөт. План бир нече тараптардын координацияланган аракеттери үчүн негиз кызматын аткарат жана чектелген ресурстарды оптималдуу пайдаланууну камсыз кылат. Бул планды Кыргыз Республикасы, Тажикстан, Өзбекстан, жана ошондой эле МАГАТЭ, ЕБ, ЕРӨБ жана Россиянын атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясы (Росатом) колдоду.

СБП 2021 жылдын аягында жарыяланат. Анда Кыргыз Республикасындагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы уран калдыктары калган объектилердин учурдагы абалы, анын ичинде аларды калыбына келтирүүнүн такталган сметасы көрсөтүлөт.

 

PDF icon era_final_21_sept_eng.pdf

Tags:

Author