Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү

Чек ара жаңжалынан жабыркаган үй-бүлөлө ЕБнын долбоордон жардам алышты

Баткен, 03/08/2021 - 11:45, UNIQUE ID: 210803_3
Press releases

Европа Биримдигинин колдоосу менен Ага Хан Фонду 29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркагандардын арасында 2620000 сом өлчөмүндө бодо мал жана майда жандыктарды бөлүштүрүүнү аяктады. Ошондой эле, фонд тарабынан Баткен жана Лейлек райондорунун медициналык мекемелери, атап айтканда Тажикстан менен чектеш жайгашкан медициналык мекемелер арасында 1652070 сомдук медициналык жабдуулар бөлүштүрүлдү.

Бул жардам “Жарандык коом уюмдарынын жана жаштардын жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүгө катышуусун күчөтүү” долбоорунун алкагында көрсөтүлүп, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жапа чеккен жергиликтүү калкка жардам көрсөтүү демилгеси катары ишке ашырылды.

Ар бир алуучуга бирден музоо жана үч койдон, бир саан уйдан турган бодо малдарды жана майда жандыктарды бөлүштүрүүнүн максаты - Баткен районундагы жабыркаган 20 үй-бүлөсүн азык-түлүк коопсуздугуна колдоо көрсөтүү жана кирешелерди көбөйтүү болгон. Үй-бүлөлөр райондук жооп кайтаруу жана жардам берүү штабы, жергиликтүү бийлик жана долбоордун кызматкерлеринин иш сапары менен бирдикте тандалып алынды.

Жергиликтүү калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн Баткен жана Лейлек райондорунун медициналык мекемелериндеги материалдык-техникалык жабдууларды өркүндөтүү максатында медициналык шаймандар таратылды. Медициналык мекемелерди райондук жана облустук үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилери тандап алышты.

Долбоор 2018–2021-жылдар аралыгында ишке ашырылган. Баткен районунун Кара-Бак жана Лейлек районунун Бешкент, Баткен аймактарында. Аталган айыл аймактарда 30 миңден ашуун адам жашайт, алардын 30% жакыны аялуу катмарга кирет. Бул долбоордун максаты жаштардын жана жарандык коомдун жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте өз коомчулугунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө катышуусун күчөтүү болгон.

Languages:
Editorial Sections:

Author